Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 27-январы № 28
Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 232-глава менен толукталсын:
"232-глава. Маалымат ээлеринин маалымат алууга болгон укукту бузган аракетине (аракетсиздигине) жана (же) актыларына даттануу боюнча өндүрүш
2117-берене. Маалымат ээлеринин маалымат алууга болгон укукту бузган аракетине (аракетсиздигине) жана (же) актыларына даттануу
1. Маалымат берүүдөн баш тартылган жана (же) аларга карата "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузган аракет (аракетсиздик) жана (же) актылар (чечимдер) кабыл алынган жеке жана юридикалык жактар маалымат алуу укугун коргоо жөнүндө иштер боюнча арыз берүүчүлөр болушу мүмкүн.
2. Арыз ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча, ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен сот тарабынан каралат.
3. Маалымат алуу укугун коргоо жөнүндө иштер алдын ала өндүрүштүн аяктагандыгы жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктама кабыл алынган күндөн тартып бир ай ичинде каралат жана чечилет.
2118-берене. Арыз берүү
1. Арыз даттанылып жаткан актынын кабыл алынгандыгы же даттанылып жаткан аракеттин жасалгандыгы жөнүндө арыз ээсине белгилүү болгон күндөн тартып бир айдын ичинде, ал эми арыз ээсинин суроо-талабын кароо мөөнөтүн узартуу жөнүндө жооп же кабарлоо алынбаганда, маалымат ээсинин аракетсиздигине карата арыз ээси кайрылган күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин бир айдын ичинде сотко берилиши мүмкүн.
2. Маалымат ээсинин аракетине (аракетсиздигине) жана (же) актысына талаш-тартышты сотко чейин чечүү тартибинде жогору турган органга же кызмат адамына даттанууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган сотко арыз берүү мөөнөтү арыз ээсинин даттануусун канааттандыруудан баш тартуу алынган күндөн тартып, ал эми берилген даттанууга жооп алынбаган учурда арыз ээси даттануу берген күндөн кийинки күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин башталат.
3. Арыз ушул Кодекстин 111-беренесинде каралган талаптарга ылайык келүүгө жана ушул Кодекстин 2119-беренесине ылайык аракетке (аракетсиздикке) жана (же) даттанылып жаткан актыга карата арыз ээсинин кошумча талабын (талаптарын) камтууга тийиш.
2119-берене. Соттун чечими
1. Ишти маңызы боюнча чечүүдө сот арызды толук же жарым-жартылай канааттандырат же болбосо аны толук же жарым-жартылай канааттандыруудан баш тартат.
2. Арыз канааттандырылган учурда сот төмөнкүдөй чечим кабыл алышы мүмкүн:
1) жоопкердин аракетин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп тааныйт жана аны "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган конкреттүү ыкмалар менен маалымат алуу укугунун жол берилген бузулуусун толук көлөмдө жоюуга милдеттендирет;
2) жоопкердин актысын толук же болбосо бир бөлүгүн жараксыз деп тааныйт жана аны маалымат алуу укугунун бузулгандыгын толук көлөмдө жоюуга милдеттендирет;
3) маалымат берүү боюнча милдеттерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 4131-беренесине ылайык айып пул салат же айып пул салуудан баш тартат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 43-глава төмөнкүдөй мазмундагы 4131-берене менен толукталсын:
"4131-берене. Маалымат берүү боюнча милдеттерди бузуу
"Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган маалыматты берүүдөн укук ченемсиз баш тартуу, аны өз убагында бербөө же болбосо анык эмес маалымат берүү -
юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
2) 454-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинде белгиленген тартипте каралуучу маалымат алуу укугун бузган аракеттерге (аракетсиздиктерге) жана (же) актыларга даттануу боюнча арыздарды канааттандыруунун алкагында ушул Кодекстин 4131-бepeнecи боюнча;".
3-берене.
"Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 4, 128-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Коммерциялык сырдын объекттерине төмөнкүлөр кирбейт:
а) уюштуруу документтери, ошондой эле ишкердик ишке жана лицензиялоого тийиш болгон чарбалык иштин айрым түрлөрүнө укук берүүчү документтер (устав, ишкананы түзүү жөнүндө чечим же уюштуруучулардын келишими, каттоо күбөлүгү, лицензия, патент);
б) статистикалык отчеттун, ошондой эле финансылык-экономикалык отчеттун бекитилген формалары боюнча маалыматтар жана салыктарды, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөнү жана төлөөнү текшерүү үчүн башка маалыматтар;
в) салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө жөнүндө документтер;
г) төлөө жөндөмдүүлүгүн күбөлөндүрүүчү документтер;
д) кызматкерлердин саны, курамы, уюмдун жетекчисинин жана уюмдун коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн эмгек акысы, эмгек акы тутуму, эмгек шарттары жөнүндө, анын ичинде эмгекти коргоо, өндүрүштүк жаракаттардын жана кесиптик оорулардын көрсөткүчтөрү, бош жумуш орундарынын бар экендиги жөнүндө маалыматтар;
е) айлана-чөйрөнүн булганышы, монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу, эмгекти коргоо эрежелеринин сакталбашы, керектөөчүлөрдүн ден соолугуна зыян келтирүүчү продукциялардын сатылышы, ошондой эле башка мыйзам бузуулар жана мында келтирилген зыяндардын өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар;
ж) мамлекеттик ишканалардын кызмат адамдарынын ишкердик иш менен алектенген уюмдарга катышуусу жөнүндө маалыматтар;
з) "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда берилүүгө тийиш маалымат.".
4-берене.
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1045-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17) маалымат алуу укугу жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелерге.".
5-берене.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-берене.
"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
102-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Улуттук банктын Башкармасынын сотко даттанылуучу чечимдерин жана "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралуучу чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын бардык чечимдерине сотко чейинки даттанууга болот.".
7-берене.
"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
21-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан лицензия алган жана Насыялык бюролордун мамлекеттик реестрине киргизилген бардык насыялык бюролордон насыя тууралуу маалыматты суратып алууга.".
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-январындагы № 7 (3663) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |