Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНЫН КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз
II сессиясы
2024-жылынын 11-декабры №07/9-2
« Т.К. Кадыралиевге “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө » .
Таалайбек Калчороевич Кадыралиевге “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ш.А.Токтосуновдун билдирүүсүн, ошондой эле Т.К.Кадыралиевдин Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон чоң салымын эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таалайбек Калчороевич Кадыралиевге шаардын жогорку “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Кара-Көл шаардык мэрия жана шаардык кеңеш биргеликте шаардын даталуу күндөрүндө Таалайбек Калчороевич Кадыралиевге “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамынын күбөлүгүн, грамотасын жана төш белгисин, “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу жөнүндө “ жобонун 5-бөлүмүнүн 5- бөлүгүнө ылайык орточо көрсөткүчтүн 10 эсе өлчөмүндөгү (1000 сом) акчалай сыйлыкты салтанаттуу тапшырууну камсыз кылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштер боюнча туруктуу комиссиясына ( Ш.А.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А. Кимсанов |