Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 21-январы № 17
Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 1271-берене менен толукталсын:
«1271-берене. Мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырууга тыюу салуу
Жүзүн жашыруу медициналык көрсөтмөлөрүнө, эмгектенүүсүнө жана кызматтык ишине, спорттук иш-чараларга катышуусуна, маданий, оюн-зоок же башка коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда адамдын жүзүн толук жашыруусу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
2) 141-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Диний уюмдардын, диний окуу жайларынын, миссионерлердин иштерине же диний жөрөлгөлөрдү жасоосуна мыйзамсыз тоскоолдук кылуу же болбосо диний жана башка ынанымдарды эркин тандоого жана билдирүүгө мыйзамсыз тоскоолдук кылуу же аларды билдирүүгө, алмаштырууга же алардан баш тартууга мажбурлоо -»;
3) 142-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«142-берене. Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарды бузуу
1. Карылар жана майыптар үйлөрүндө, түзөтүү мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугусуз диний жөрөлгөлөрдү, чогулуштарды жана башка диний иш-чараларды өткөрүү үчүн диний ишмерлерди, диний насаатчыларды жана миссионерлерди чакыруу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Диний багыттагы объекттерде шайлоо алдындагы үгүт иштерин, чогулуштарды жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды өткөрүү -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Диний уюмдардын же алардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишине кийлигишүүсү -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Диний окуу жайынан тышкары жеке тартипте диний сабактарды окутуу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Диний багыттагы объекттерден тышкары, маалыматты сактагычтарга карабастан, диний адабияттарды, башка диний басылма түрүндөгү, аудио жана видео материалдарды коомдук жайларда, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда, мектепке чейинки билим берүү жана жаппы билим берүү уюмдарында, ошондой эле турак жайларды кыдыруу аркылуу таратуу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Диний иштин субъекттери тарабынан саясий партиялардын ишин каржылоо -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
7. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда тиешелүү эсептик каттоодон өтпөстөн диний ишти жүзөгө ашыруу, диний багыттагы объектти пайдалануу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
8. Диний таандыгынын негизинде адамга же топко карата оозеки же жазуу жүзүндө, анын ичинде Интернет тармагында басмырлоо -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
4) 455-берене «64-69-беренелеринде» деген сөздөн кийин «, 142-берененин 2-бөлүгүндө» деген сөздөр менен толукталсын;
5) 456-беренеде:
а) «125» деген цифралардан кийин «, 1271» деген цифралар менен толукталсын;
6) «137-142-беренелери,» деген сөздөр «137-141-беренелери, 142-берененин 1, 3-8-бөлүктөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
«Саясий партиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 449-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө жол берилбейт:
чет мамлекеттердин саясий партияларын, ошондой эле алардын бөлүмдөрүн түзүүгө жана алардын иштөөсүнө;
диний негизде саясий партияларды түзүүгө, ошондой эле саясий партиялардын диний ишке катышуусуна.»;
2) 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
«Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө партиянын аталышында диний тематикадан түздөн-түз жана кыйыр түрдө алынгандарды же шилтемелерди камтыган маалыматтардын (сүрөттөрдүн) бөлүктөрүн жана элементтерин чагылдырууга жана үгүт материалдарында башкача пайдаланууга жол берилбейт.»;
3) 16-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
«Саясий партиялардын ишин чет мамлекеттер, чет өлкөлүк партиялар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары, ошондой эле диний иштин субъекттери тарабынан каржылоого тыюу салынат.».
3-берене
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Депутаттык ыйгарым укуктарды тиешелүү айыл аймагынын же шаардын калкына республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишкананын жетекчисинин кызмат орду, ошондой эле диний иш менен да айкалыштырууга болбойт.».
4-берене
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-берененин 1-бөлүгү «ишкердик» деген сөздөн кийин «жана диний» деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар, диний ишмерлер, ошондой эле соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар шайланууга укуксуз.»;
2) 22-берене төмөнкүдөй мазмундагы 141-бөлүк менен толукталсын:
«141. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө диний мазмундагы маалыматтарды колдонууга жана жайылтууга жол берилбейт.».
6-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |