Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНЫН КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз
II сессиясы
2024-жылынын 11-декабры №09/9-2
«Кара-Көл шаардык кеңешинин 05.03.2019-жылдагы № 143/26-7 сандуу токтому менен бекитилген № 5 тиркемесиндеги “Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин комиссиясы жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» .
Кара-Көл шаардык кеңешинин 05.03.2019-жылдагы № 143/26-7 сандуу токтому менен бекитилген “ Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин комиссиясы жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө шаардык кеңештин төрагасы Ч.А.Кимсановдун сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ш.А.Токтосуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 05.03.2019-жылдагы № 143/26-7 сандуу токтому менен бекитилген № 5 тиркемесиндеги “Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин комиссиясы жөнүндө” жобого Кара-Көл шаардык кеңешинин 03.02.2023-жылдагы № 110/24-8 сандуу токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр алынып салынсын.
2.“Кара-Көл шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин комиссиясы жөнүндө” жобонун 3 -бөлүгү баштапкы калыбына келтирилип, төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“ 3. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр киришет:
- комиссиянын төрагасы- Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы;
- комиссиянын төрагасынын орун басары-Кара-Көл шаардык кеңешинин
төрагасынын орун басары;
- комиссиянын катчысы- Кара-Көл шаардык кеңешинин жооптуу катчысы;
- комиссиянын мүчөлөрү- Кара-Көл шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын өкүлдөрү.”
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык кеңештин төрагасына (Ч.А.Кимсанов), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштер боюнча туруктуу комиссиясына (Ш.А.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А.Кимсанов |