Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНЫН КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз
II сессиясы
2024-жылынын 11-декабры №10/9-2
«Мамлекеттин менчигинде турган Шевроле Каптива маркасындагы автотранспортту муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» .
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Кара-Көл шаарынын мэрине берилген Шевроле Каптива маркасындагы автотранспортту муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө мэрдин орун басары Э.С.Тажимырзаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезекcиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттин менчигинде турган Шевроле Каптива маркасындагы автотранспортту муниципалдык менчикке кабыл алууга жана шаардык мэриянын балансына отургузууга макулдук берилсин.
2.“ Кара-Көл шаарынын мэриясы ( Н.О.Орозбаев) бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев ) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А.Кимсанов |