Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылынын 24-январы №1
«Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди макулдашуу жөнүндө» .
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын атайын өкүлүнүн 13.12.2024-жылдагы №9 сандуу катынын негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоолорун өткөрүү үчүн Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкелердин курамы №1-тиркемеге ылайык макулдук берилсин жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жөнөтүлсүн.
2. Токтом менен макулдашылган тизмени Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин Регламентинде көрсөтүлгөн мөөнөттө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5.Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага О.Т.Турдубеков