Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 25-январы № 27-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр, жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу канаттуулардын этин инспекциялоо, карантин жана санитардык талаптар жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу канаттуулардын этин инспекциялоо, карантин жана санитардык талаптар жөнүндө протокол
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары - Министрлик) жана Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы (мындан ары - КЭР БББ) достук сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргыз Республикасынан (мындан ары - Кыргызстан) Кытай Эл Республикасына (мындан ары - Кытай) экспорттоо үчүн арналган канаттуулардын эти боюнча төмөнкүдөй инспекциялык, карантиндик жана санитардык талаптар жөнүндө макулдашты.
1-берене.
Министрлик Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу канаттуулардын этин инспекциялоо жана карантинге алуу жана анын коопсуздугу боюнча ветеринардык-санитардык сертификаттарды берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
2-берене.
Министрлик КЭР БББге төмөнкү маалыматтарды мезгил сайын берип турат:
1) Кытайга экспорттоо үчүн арналган канаттууларды союу, этин кайра иштетүү, бөлүү жана сактоо боюнча ишканалардын ишин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдар жана ченемдик актылар, ошондой эле аларга киргизилген өзгөртүүлөр. Кытайга канаттуулардын этин экспорттогон катталган ишканалардын жылдык өндүрүшүнүн жана экспортунун статистикасы, мындай ишканаларды мамлекеттик контролдоо жана текшерүү, анын ичинде бирок алар менен чектелбеген олуттуу бузуулар жана көрүлгөн түзөтүү чаралары жөнүндө маалымат;
2) химиялык калдыктарга (пестициддерге, ветеринардык препараттарга жана булгоочу заттарга), патогендик микроорганизмдерге жана жаныбарлардын ооруларына Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык мониторинг жүргүзүүнүн улуттук жылдык планы. Жогоруда аталган план контролдогу заттардын тизмесин, лабораториялык изилдөө методдорун, стандарттарын жана жол-жоболорун, ошондой эле бул мониторинг пландары боюнча жылдык отчетторду камтууга тийиш. КЭР БББнын суроо-талабы боюнча ядролук радиацияга жана айлана-чөйрөнү булгоочу башка заттарга мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарын отчетторго киргизилиши мүмкүн;
3) ушул Протоколдун 3-беренесинде саналган канаттуулардын инфекциялык ооруларын алдын алуу, контролдоо жана зоналаштыруу боюнча чаралар, эгерде колдонулса, анын ичинде зоналаштыруунун конкреттүү географиялык жайгашуусу, зонада аралаш жайгашкан малдын саны, этти экспорттоочу ишканалар жөнүндө толук маалымат жана мониторинг боюнча маалыматтар;
4) канаттууларга байланыштуу инфекциялык оорулардын эпизоотиялык абалы жөнүндө маалымат.
Министрлик азык-түлүк коопсуздугун башкаруу системасынын Кытайдын ветеринардык, санитардык талаптарына шайкештигин камсыз кылууга милдеттенет. Зарыл болгон учурда КЭР БББ Кыргызстандагы тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу системаларына жеринде же виртуалдык (онлайн) аудит же ретроспективдүү мониторинг жүргүзүү үчүн туруктуу негизде же тандалма түрүндө эксперттерди жибериши мүмкүн. Министрлик аудит жана мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон жардамды көрсөтөт.
Тараптар маалымат берүүнүн натыйжалуу механизмин түзүүгө жана көйгөйлөрдү иликтөөдө жана чечүүдө бири-бири менен кызматташууга Кытайдын импорттук талаптарын туруктуу негизде канааттандырууну камсыз кылуу үчүн түзөтүүчү жана алдын алуучу чараларды керүүгө тийиш.
3-берене.
Кыргызстан жогорку патогендүү канаттуулар тумоосунан жана Ньюкасл оорусунан таза деп таанылган, бул Жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча дүйнөлүк уюмдун (ЖДДУ) Жер үстүндөгү жаныбарлардын ден соолук кодексинин талаптарына шайкеш келет жана КЭР БББ тарабынан таанылган.
4-берене.
Кытайга экспорттоо үчүн өндүрүлгөн канаттуулар:
1) Кыргызстандын аймагында өндүрүлүүгө, өстүрүлүүгө жана союлууга тийиш, өндүрүлгөн чарбасына чейин байкоого жүргүзүүгө мүмкүн бериши жана башка малдын түрлөрү менен бирге багылбашы керек;
2) союуга 12 ай калганда инфекциялык бурсал оорусунун, канаттуулардын микоплазмозунун, орнитоздун, инфекциялык ларинготрахеиттин, инфекциялык бронхиттин, өрдөктүн вирустук гепатитинин, канаттуулардын келтесинин, пулороздун же канаттуулардын аз патогендүү тумоо инфекциясынын клиникалык белгилери байкалбаган чарбалардан болууга тийиш;
3) союуга 6 ай калганда ЖДДУ тизмесине кирген канаттуулардын башка инфекциялык ооруларына байланыштуу же Кыргызстандын жана Кытайдын улуттук мыйзамдарына ылайык карантин же башка чектөөлөр киргизилбеген чарбалардан болууга тийиш.
5-берене.
Кытайга канаттуулардын этин экспорттоого ниеттенген өндүрүш ишканалары (анын ичинде союу, бөлүү, кайра иштетүү жана сактоо) Министрликтин көзөмөлүндө болууга жана Кыргызстан менен Кытайдын ветеринария жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
Кытайга канаттуулардын этин экспорттоочу ишканалар "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" Кытай Эл Республикасынын Мыйзамына жана "Чек арадагы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кытай Эл Республикасынын Мыйзамына ылайык КЭР БББда каттоодон өтүшү керек.
КЭР БББда каттоодон өткөн күндөн кийин катталган ишкана тарабынан өндүрүлгөн канаттуулардын этин гана Кытайга экспорттоого жол берилет. КЭР БББда каттоодон өтпөгөн ишкана тарабынан өндүрүлгөн канаттуулардын этин Кытайга экспорттоого жол берилбейт.
6-берене.
Кыргызстандын расмий ветеринардык инспекторлору ветеринардык-санитардык сертификаттын жардамы менен төмөнкүлөрдү ырасташы керек:
1) Кытайга экспорттоо үчүн арналган канаттуулардын эти КЭР БББда каттоодон өткөн ишканаларда союлгандыгын, бөлүнгөндүгүн, кайра иштетилгендигин жана сакталгандыгын;
2) Кытайга экспорттоо үчүн эт алынган тирүү канаттууга тараптарда тыюу салынган ветеринардык препараттар же тоют кошулмалары эч качан берилбегендигин;
3) Кытайга экспорттоо үчүн эт алынган тирүү канаттуу ушул Протоколдун 4-беренесине ылайык чарбалардан келип түшкөндүгүн, Кыргызстандын жана Кытайдын мыйзамдарына ылайык союуга чейин жана андан кийин ветеринардык текшерүүдөн ийгиликтүү өткөндүгүн.
"Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" жана "Чек арадагы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кытай Эл Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кытайга канаттуулардын этин экспорттогон өндүрүш ишканалары Кытай тарапта катталууга тийиш, ал эми каттоо аяктагандан кийин өндүрүлгөн продукция Кытай тарапка экспорттолушу мүмкүн. Каттоодон өтпөгөн канаттуулардын этин өндүргөн ишканаларга Кытайга продукцияны экспорттоого тыюу салынат.
Союуга арналган бардык тирүү канаттуулардын дени сак болууга, инфекциялык жана/же мите курт ооруларынын клиникалык белгилери болбоого, ошондой эле дененин ичи жана сырты бузулбоого тийиш;
4) Кыргызстан тарабынан иштелип чыккан мониторинг жүргүзүү боюнча улуттук планга ылайык продукциядагы ветеринардык препараттардын, пестициддердин, оор металлдардын, туруктуу органикалык булгоочулардын жана башка уулуу заттардын калдыктарынын деңгээли Кыргызстандын жана Кытайдын мыйзамдары менен аныкталган жол берилген эң жогорку деңгээлинен төмөн экендигин;
5) продукциялардын патогендик микроорганизмдерден таза болушун жана Кыргызстандын, Кытайдын мыйзамдарынын, ченемдик актыларынын жана эл аралык стандарттардын талаптарына шайкештигин;
6) коомдук саламаттык сактоо жаатында ири эпидемия орун алган учурда ишканалар сырье кабыл алуунун, кайра иштетүүнүн, таңгактоонун, сактоонун жана ташуунун бүткүл процессинде продукциянын кайчылаш оору жукпагандыгына кепилдик берүү үчүн эл аралык стандарттарга ылайык коргоочу жана профилактикалык жол-жоболорду ишке ашырууга тийиш;
7) продукциянын коопсуз жана адам үчүн тамак-аш катары керектөөсүнө жарактуу экендигин.
7-берене.
Ташуу учурунда (анын ичинде фермадан союуга жана союучу ишкананын аймагында) Кытайга экспорттоо үчүн арналган канаттуулар төмөнкүлөр менен байланышпашы керек:
1) ушул Протоколдун 3 жана 4-беренелеринин талаптарына ылайык келбеген кандай болбосун тирүү канаттуулар менен;
2) ушул Протоколдун 5-беренесине ылайык каттоодон өтпөгөн ишканаларга таандык кандай болбосун тирүү канаттуулар же жаныбарлардын башка түрлөрү менен.
Кытайга экспорттоо үчүн арналган канаттуулардын этин төмөндөгүлөр менен чогуу кайра иштетүүгө уруксат берилбейт:
1) ушул Протоколдун 3 жана 4-беренелерине ылайык келбеген жаныбарлардан алынган азыктар менен;
2) каттоодон өтпөгөн ишканалар чыгарган азыктар менен;
3) жаныбарлардын башка түрлөрүнөн алынган азыктар менен.
Кытайга экспорттоого багытталган канаттуулардын этин сактоо үчүн өзүнчө, так белгиленген зоналар бөлүнүүгө тийиш.
8-берене.
Кытайга экспорттоого багытталган канаттуулардын эти Кыргызстандын жана Кытайдын улуттук стандарттарына, ошондой эле эл аралык санитардык стандарттарга ылайык келген жаңы таңгактоочу материалдарга таңгакталууга тийиш.
Ички таңгак кытай жана англис (же кытай жана кыргыз) тилдериндеги маркалоону камтууга тийиш: продукттун аталышын, чыккан өлкөнү, ишкананын каттоо номерин, партиянын номерин.
Сырткы таңгак төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: чыккан өлкөнүн, продукттун аталышын, ишкананын каттоо номерин, партиянын номерин, спецификацияны, чыккан регионду (облуска/шаарга чейин), баруучу жерин ("Кытай Эл Республикасы"), өндүрүлгөн датасын (жыл/ай/күн), жарактуулук мөөнөтүн жана сактоо температурасын. Ошондой эле Кыргызстандын расмий инспекциялык жана карантиндик маркалоосу түшүрүлүүгө тийиш.
Таңгакталган канаттуулардын этинин этикеткалары кытай стандарттарына жана таңгакталган тамак-аш азыктарын маркалоого карата коюлуучу ченемдик талаптарга ылайык келиши керек.
9-берене.
Экспорттолуучу канаттуулардын этин таңгактоо, сактоо жана ташуунун бүткүл процесси патогендүү микроорганизмдер жана/же уулуу заттар менен булгануунун алдын алуу үчүн Кыргызстандын жана Кытайдын санитардык талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Канаттуулардын тоңдурулган этин сактоо жана ташуу ылайыктуу температурада жүргүзүлүүгө тийиш, ал эми продукттардын ички бөлүгүнүн температурасы Цельсий боюнча минус 15 градустан (-15 ºС) жогору эмес деңгээлде сакталышы керек.
Жүк жүктөлгөндөн кийин жана жөнөтүүнүн алдында контейнер Кыргызстандын расмий адамдарынын көзөмөлүндө мөөр басылып бекитилүүгө тийиш, пломбанын номери ветеринардык-санитардык сертификатта көрсөтүлүшү керек. Ташуу учурунда продукттардын таңгагын ачууга жана өзгөртүүгө болбойт.
10-берене.
Кытайга экспорттоого багытталган канаттуулардын эти бар ар бир контейнер продукциянын Кыргызстандын жана Кытайдын ветеринардык жана санитардык-гигиеналык ченемдерине, ошондой эле ушул Протоколдун тиешелүү талаптарына шайкештигин ырастаган жок дегенде бир расмий жана түп нускадагы ветеринардык-санитардык сертификат менен коштолууга тийиш.
Ветеринардык-санитардык сертификаттар кытай, кыргыз жана англис тилдеринде басылууга же жазылууга тийиш (сертификатты толтурууда англис версиясы милдеттүү түрдө). Сертификаттын форматы жана мазмуну тараптар менен алдын ала макулдашылууга тийиш.
Документтерди (өтүнмөлөрдү) берүү үчүн Министрлик КЭР БББга расмий инспекциялык мөөрдүн жана кол тамгалардын/текшерүү жөнүндө белгилердин үлгүлөрүн, ветеринардык сертификаттардын үлгүлөрүн, ветеринардык сертификаттарды берүүчү ыйгарым укуктуу ветеринардык инспекторлордун тиешелүү кол тамгалары, сертификатты алдамчылыктан коргоо боюнча нускамалар менен алардын тизмесин жана сертификаттын электрондук маалыматтары жеткирилүүгө тийиш болгон электрондук почта дарегин берүүгө тийиш.
Жогоруда аталгандарга кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизилген учурда, Министрлик өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин кеминде бир ай мурда КЭР БББ кабарлоого тийиш.
Кытайда чек ара контролун жеңилдетүү үчүн Министрлик КЭР БББга берилген ар бир ветеринардык-санитардык сертификаттын электрондук маалыматтарын ветеринардык-санитардык сертификат берилгенден кийин 48 сааттын ичинде расмий каналдар аркылуу берет. Министрлик электрондук маалыматтардын тууралыгына жана коопсуздугуна кепилдик берет.
11-берене.
Эгерде Кыргызстанда 3-беренеде көрсөтүлгөн канаттуулардын жогорку патогендүү тумоосунун же башка оорулардын чыгышы катталса, Министрлик Кытайга канаттуулардын этин экспорттоону дароо токтотууга, продукцияны кайра чакыртып алууга жана КЭР БББге кабарлоого милдеттенет.
Кыргызстандын аймагында төмөнкүлөр келип чыккан учурда:
1) ушул Протоколдун 4-беренесинин 2-пунктунда саналган канаттуулардын инфекциялык жана мите оорулары;
2) Кытайдын мыйзамдарына жана ченемдик актыларына ылайык Кытай Эл Республикасына ташылып кетүүчү жаныбарлар үчүн карантиндик оорулардын тизмегинде "В" тизмесине кирген, канаттуулардын эти аркылуу жугушу мүмкүн болгон оорулар;
3) коомдук олуттуу тынчсызданууну же коомдук саламаттык сактоо жаатында олуттуу кырдаалды жараткан, экспорттоого багытталган канаттуулардын продукциясына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тамак-аш азыктарынын булгануу инциденти.
Министрлик тиешелүү зонада/жайда өндүрүлгөн канаттуулардын этин экспорттоону дароо токтотууга, Кытайга экспорттоо үчүн канаттуулардын этине ветеринардык-санитардык сертификаттарга кол коюуну жана берүүнү токтотууга, оору жуккан жана оору жугушу ыктымал болгон продукттарды кайра чакыртып алууга, КЭР БББге маалымдоого жана ооруларды, инцидентти иликтөө, көрүлгөн контролдоо чаралары жөнүндө маалыматтарды камтыган толук отчетту берүүгө тийиш.
Жогоруда көрсөтүлгөн тобокелдиктер жоюлгандан кийин Министрлик КЭР БББ менен эл аралык практикага ылайык экспортту кайра баштоонун шарттарын талкуулай алат.
12-берене.
Эгерде Кытайга экспорттолуучу канаттуулардын эти КЭР БББ тарабынан ушул Протоколдун талаптарына ылайык келбейт деп таанылса, КЭР БББ дароо Министрликке кабарлайт жана продукттарды кайра кайтаруу, жок кылуу же утилдештирүү боюнча чараларды көрөт. Министрлик КЭР БББ менен бузууларды жоюу жана алардын кайталанышын алдын алуу боюнча кызматташууга милдеттенет.
13-берене.
Бул Протоколдо "канаттуулардын эти" деген термин жегенге жарактуу канаттуулардын тоңдурулган этин (жүндөрүн, ичегилерин, башын, канаттарын жана буттарын кошпогондо) жана алардын бөлүктөрүн, ошондой эле жегенге жарактуу субпродукттарды билдирет.
Кыргызстандан Кытайга экспорттолууга тийиш болгон үй канаттуулары жана тооктун субпродукттары 1-тиркемеде берилген.
14-берене.
Ушул Протоколдун 1-тиркемесинде саналган Кытайга экспорттолууга тийиш болгон тооктун тамак-аштык субпродукттары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн санитардык иштетүүнүн талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 1 жана 2-тиркемелер ушул Протоколдун ажырагыс бөлүктөрү болуп саналат жана Министрлик менен КЭР БББ өз ара макулдашуусу боюнча расмий каттарды алмашуу жолу менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
15-берене.
Бул Протокол кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет жана беш (5) жыл колдонулат, анын колдонуу мөөнөтү тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн. Ушул Протоколдун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде алты (6) ай мурда, эгерде тараптардын бири экинчи тарапка бул Протоколду өзгөртүү же колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө кабарлабаса, бул Протоколдун колдонулушу автоматтык түрдө кийинки беш (5) жылдык мөөнөткө узартылат. Тараптардын бири экинчи тарапка жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтүү менен бул Протоколдун колдонулушун токтото алат, мындай учурда бул Протокол экинчи тарап жазуу жүзүндөгү кабарлоону алгандан кийин алты (6) айдан кийин күчүн жоготот.
16-берене.
Бул Протоколго "____" _____________________ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, кытай, орус жана англис тилдеринде кол коюлган. Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Кандайдыр бир айырмачылыктар болгон учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин атынан
|
| Кытай Эл Республикасынын Бажы башкы башкармалыгынын атынан |
________________________________ |
| ________________________________ |
|
| 1-тиркеме |
Кытайга экспорттоого уруксат берилген канаттуулардын жегенге жарактуу продукттары
1. Канаттуулардын тоңдурулган эти
Тоңдурулган тоок (бүтүн же бөлүктөрү, тооктун тоңдурулган төш этин жана сандарын кошпогондо), тооктун тоңдурулган төш эти, тооктун тоңдурулган сан эти, тоңдурулган бүтүн тоок (ашказан жана ичеги сыяктуу ичеги-карын жана тамак сиңирүү органдары жок).
2. Жегенге жарактуу кошумча продукттар
Тооктун тоңдурулган канаттары (анын ичинде бүтүн канаттары, канаттары, ортонку бөлүгү, учтары жана эки бөлүктүү канаттары), тооктун тоңдурулган буттары.
|
| 2-тиркеме |
Кыргызстандан Кытайга экспорттоолуучу канаттуулар чарбасынын жегенге жарактуу кошумча продукттарын иштетүүгө карата санитардык талаптар
1. Колдонуу чөйрөсү
1-тиркемеде көрсөтүлгөн Кытайга экспорттоого уруксат берилген канаттуулардын жегенге жарактуу кошумча продукттары ушул санитардык талаптарга жооп бериши керек.
2. Жалпы талаптар
2.1. Кыргызстандын жана Кытайдын мыйзамдарына ылайык канаттуулар чарбасынын жегенге жарактуу кошумча продукттары ушул санитардык талаптарда адамдардын керектөөсү үчүн жарактуу эт азыктарына кирет.
2.2. Кыргызстанда Кытайга экспорттоого багытталган канаттуулар чарбасынын жегенге жарактуу кошумча продукттары үчүн тамак-аш азыктарынын коопсуздугун жана санитарияны башкаруу системасы түзүлгөн.
2.3. Кытайга экспорттоого багытталган канаттуулар чарбасынын жегенге жарактуу кошумча продукттары фермага чейинки байкоо жүргүзүүнү камсыз кылган байкоо жүргүзүү системасы бар фермалардан, касапканалардан жана кайра иштетүүчү ишканалардан келиши керек.
2.4. Кытайда катталган канаттуулар этин өндүрүүчү ишканалар гана канаттуулар чарбасынын жегенге жарактуу кошумча продукттарын Кытайга экспорттоого укуктуу. Бул продукттарды иштетүүчү адистештирилген цехтер жана зоналар кытай тараптан жактырылышы керек.
2.5. Кытайга экспорттоого багытталган канаттуулар чарбасынын жегенге жарактуу кошумча продукттары Кыргызстандын ветеринардык препараттардын калдыктарына, пестициддерге, оор металлдарга, туруктуу органикалык булганууларга жана башка уулуу заттарга мониторинг жүргүзүү улуттук программасынын көзөмөлүндөгү жаныбарлардан алынышы керек. Мониторингдин натыйжасы боюнча кыргыз тарап кошумча продукттарда адамдын ден соолугуна коркунучтуу химиялык калдыктар жана башка уулуу заттар жок экенин тастыктайт.
2.6. Канаттуулар чарбасынын жегенге жарактуу бардык кошумча продукттары адамдын керектөөсүнө жарактуу эт азыктарына карата коопсуздук жана санитардык талаптарга ылайык иштетилүүгө жана кайра иштетилүүгө тийиш. Ушул талаптарга шайкеш келүүнү камсыз кылган сапатты жана санитарияны контролдоо системасы (мисалы, НАССР системасы) түзүлүүгө тийиш.
3. Канаттуулар чарбасынын жегенге жарактуу кошумча продукттарын кайра иштетүүгө карата талаптар
3.1. Өндүрүштүк жайларга, жабдууларга жана конструкцияларга карата талаптар:
3.1.1. Кытайга экспорттоого багытталган канаттуулар чарбасынын жегенге жарактуу кошумча продукттарын иштетүү үчүн жегенге жарабаган кошумча продукттарды кайра иштетүүдөн обочолонгон өзүнчө жайлар же зоналар берилиши керек. Жайлар жана санитардык шарттар Кыргызстандын жегенге жарактуу эт азыктары үчүн санитардык стандарттарына ылайык келиши керек;
3.1.2. канаттуулар чарбасынын жегенге жарактуу кошумча продукттарын иштетүүчү жайлардын аянты кайра иштетүү кубаттуулугуна ылайык болуп, жабдуулар санитардык талаптарга жооп бериши керек, ал эми технологиялык пландаштыруу кайчылаш булганууга жол бербөө үчүн "таза" жана "кир" зоналарды бөлүп турууга тийиш;
3.1.3. алдын ала муздатуу талап кылынса, муздатуу жана таңгактоо үчүн атайын жайлар каралышы керек.
3.2. Персоналга карата талаптар:
3.2.1. канаттуулар чарбасынын жегенге жарактуу кошумча продукттарын өндүрүүчү ишканаларда өндүрүш процессинин талаптарына жооп берген, даярдыктан өткөн персонал болууга тийиш;
3.2.2. тазалыктын ар кандай деңгээлиндеги ар башка зоналарда иштеген кызматкерлер дезинфекциялоо жол-жоболорунан өтпөстөн жана жумушчу кийимдерин алмаштырбастан зоналардын ортосунан өтпөшү керек.
3.3. Температура талаптары:
3.3.1. жегенге жарактуу кошумча продукттарды кесүүчү жайдагы температура 12 ºСден төмөн (буттарды жыдытуучу жайды кошпогондо), тоңдуруучу камералардагы температура 28 ºСден, муздаткыч камералардагы температура 18 ºСден төмөн болушу керек;
3.3.2. тоңдуруу убактысы Кытай менен Кыргызстандын ушул сыяктуу жегенге жарактуу продукттарына карата талаптарга жооп бериши керек.
3.3.3. жабдууларды тазалоо үчүн суунун температурасы 40 ºСден, дезинфекциялоо үчүн 82 ºСден төмөн болбошу керек;
3.3.4. алдын ала муздатуудан кийин продукттун дал ортосундагы температура 3 ºСден ашпоого тийиш;
3.3.5. муздатылган продукттарды ташуучу каражаттар санитардык талаптарга жооп бериши керек;
3.3.6. ташуу учурунда продукттун дал ортосундагы температура 15 ºСден ашпоого тийиш.
3.4. Иштетүүдөн кийин продукттарга карата талаптар:
3.4.1. тоңдуруу жана таңгактоо алдында кошумча продукттардын бети таза, ириңсиз, бөлүнүп чыккан суюктуктардан, патологиялык ткандардан, биологиялык суюктуктардан, ашказандагы же ичегидеги заттардан, ошондой эле бөтөн нерселерден (пластик, металл, тоют калдыктары ж.б.) таза болушу үчүн кылдат тазалоо жана иштетүү керек. Иштетилгенден кийин жегенге жарактуу кошумча продукттар жегенге жарабаган продукттар менен бир жерде иштетилбеши керек;
3.4.2. Кытайга экспорттоого багытталган жегенге жарактуу кошумча продукттар продукциянын түрлөрү боюнча таңгакталып, өзүнчө зоналарда сакталууга жана так маркаланууга тийиш.
3.5. Өндүрүш процессине санитардык контроль.
Ишканалар тиркемеге ылайык ар кандай технологиялык процесстерге микробиологиялык мониторинг жүргүзүү планын иштеп чыгууга, эсебин жүргүзүүгө, маалыматтарды талдоого жана маалымат базасын түзүүгө тийиш:
3.5.1. сынамдарды алуу: кесүү жолу менен 5 таңгак же жапырт үлгүлөр туш келди тандалып алынып, таңгактын ар кайсы бөлүктөрүнөн сынамдар алынат. Үлгүлөр аралаштырылат жана 500 гдан кем эмес салмактагы жалпы үлгүгө бириктирилет;
3.5.2. үлгүлөрдү сактоо жана ташуу: үлгүлөр обочолонгон муздаткыч контейнерлерде же муз салынган суусу бар контейнерлерде ташылат. Үлгүлөр тоңдурулбашы керек же муз салынган пакеттерге тийбеши керек. Үлгүлөр алынгандан кийин 1 сааттын ичинде лабораторияда иштетилиши керек же 0-4 ºС температурада 24 сааттан ашык эмес сакталышы керек.
3.6. Кийинки иштетүү.
Эгерде анализдин натыйжалары канааттандырарлык эмес болсо, анда төмөнкү чаралар көрүлүүгө тийиш:
3.6.1. проблеманын себебин ички контролдук маалыматтарга (мисалы, температура, санитардык шарттар ж.б.) таянып аныктоо;
3.6.2. натыйжалуулугун текшерүү үчүн анализ жүргүзүлө турган үлгүлөрдүн санын көбөйтүү сыяктуу түзөтүүчү чараларды көрүү;
3.6.3. проблеманын себебин жана көрүлгөн чараларды документтештирүү. Жазуулар 2 жылдан кем эмес сакталышы керек.
|
| 3-тиркеме |
Канаттуулар чарбасынын жегенге жарактуу кошумча продукттарын иштетүү үчүн микробиологиялык мониторинг жүргүзүү планы
Микроорганизм | Сынамды алуу планы | Чек | Үлгүнү алуунун жыштыгы | Үлгү алына турган этап | |||
n | с | m | M | Баштапкы жыштыгы | Натыйжалары канааттандырарлык болсо, жыштыгы азайтылышы мүмкүн | ||
Колониялардын жалпы саны (АРС) (36 ºС) | 5 | 2 | 5х105 СFU/g | 5x106 CFU/g | Ар бир категория үчүн жумасына 5 үлгү, катары менен 6 жуманын ичинде | Ар бир сорт, ар 2 жумада 5 үлгү | Иштетүү аяктады |
Ичеги таякчалары | 5 | 2 | 50 CFU/g | 500 CFU/g | Ар бир категория үчүн жумасына 5 үлгү, катары менен 6 жуманын ичинде | Ар бир сорт, ар 2 жумада 5 үлгү | Муздатуунун/тоңдуруунун алдында |
Сальмонелла | 50 | 7 | 25 г ичинде жоктугу | / | Ар бир категория үчүн жумасына 5 үлгү, катары менен 10 жуманын ичинде, жалпы 30 жума | Ар бир сорт, ар 2 жумада 5 үлгү | Муздатылгандан/тоңдурулгандан кийин |
Кампилобактер | 50 | 15 | 1000 CFU/g |
| Ap бир партия |
| Иштетүү аяктады |
Алтын сымал стафилококк | 5 | 3 | 103 CFU/cm2 | 104 CFU/cm2 | Ap бир партия |
| Иштетүү аяктады |
Эскертүү:
n = үлгүлөрдүн саны;
с = натыйжалары m жана М ортосунда болгон үлгүлөрдүн саны.
Жыйынтыктарды интерпретациялоо:
- талаптарга жооп берет (квалификацияланган): анализдин бардык натыйжалары ≤ m;
- жол берилет: n үлгүлөрдүн ичинен с үлгүлөрүнүн натыйжалары m жана М ортосундагы диапазондо, калган натыйжалар ≤ m;
- талаптарга жооп бербейт (квалификацияланган эмес): бир же бир нече үлгүлөрдүн натыйжалары Мден жогору, же m жана M ортосундагы натыйжадагы үлгүлөрдүн саны жол берилген c же n маанисинен ашат.