Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 4-ноябры № 1668/1
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө
(КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 1688/1 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын 9 жана 13-беренелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун аткаруу максатында буйрук кылам:
1. Төмөнкү кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары (мындан ары - КББ МБС) тиркемелерге ылайык бекитилсин:
- Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери, квалификациясы: 7121 Жылмалоочу-плитачы (тиркеме № 1);
- Ачык кен жумуштарынын машинисти, квалификациясы: 8332 Экскаватордун машинисти (тиркеме № 2);
- Автотранспорт каражаттарын оңдоочу слесарь, квалификациясы: 7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь (тиркеме № 3);
- Санитардык-техникалык, желдетүү системаларын жана жабдууларын монтаждоочу, квалификациясы: 7121 Санитардык-техникалык системаларын жана жабдууларын монтаждоочу (тиркеме № 4);
- Жасалгалоочу курулуш иштеринин чебери, квалификациясы: 7138 Сырдоочу (тиркеме № 5);
- Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери, квалификациясы: 7124 Жыгач уста (тиркеме № 6);
- Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор, квалификациясы: 6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор (тиркеме № 7);
- Жасалгалоочу курулуш иштеринин устаты, квалификациясы: 7133 Шыбакчы (тиркеме № 8);
- Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча), квалификациясы: 7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тиркеме № 9);
- Электр жабдууларын оңдоочу слесарь-электрик (тармактар боюнча), квалификациясы: 5147 Электр жабдууларын оңдоочу слесарь-электрик (тиркеме № 10);
- Тикмечи, квалификациясы: 5146 Бычканды билген тикмечи (тиркеме № 11).
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбор:
- жогоруда аталган КББ МБСти кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун ишин жүргүзүүдө жетекчиликке жана милдеттүү аткарууга кабыл алсын;
- бир айлык мөөнөттө жогорудагы Мамлекеттик билим берүү стандарттарын жетекчиликке алуу менен Типтүү окуу пландарын иштеп чыксын;
кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтсүн жана мамлекеттик билим берүү стандарттары менен иштөө маселелери боюнча консультациялык-методикалык жардам көрсөтсүн.
- ушул буйруктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Билим берүү окуу пландарын түзүүдө кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларынын директорлору бекитилген мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана Типтүү окуу пландарын жетекчиликке алышсын.
4. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу башталгыч кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү болуп саналат.
41. Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү (Б.М.Мураталиева) Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий "Эркин Too" гезитине жарыялоо үчүн акча каражатын төлөп берүүнү камсыз кылсын.
(КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 1688/1 буйругунун редакциясына ылайык)
42. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларды жарыялоо булагын көрсөтүү менен кагаздар жана электрондук сактагычтарда буйруктун көчүрмөлөрү мамлекеттик жана расмий тилдерде жиберилсин.
(КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 1688/1 буйругунун редакциясына ылайык)
5. Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы ушул буйрук менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборду белгиленген тартипте тааныштырсын.
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин 2021-жылдын 19-февралындагы № 1/23 буйругунун 1-пунктунун 4, 7, 8, 9, 12, 15, 19, 25 абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
61. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндүн ичинде күчүнө кирет.
(КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 1688/1 буйругунун редакциясына ылайык)
7. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу министрдин орун басары Абазбек уулу Расулга жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 96 (3651) саны менен жарыяланды.
Министр |
| Д.Ш. Кендирбаева |