Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1/3
Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы А. Өскөнбаев атындагы маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн дем берүүчү (үлүштүк) грантка өздүк салымына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча,Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчысы С. Чекировдун баяндамасын угуп жана Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 18.11.2024-жылдагы №2.2-4/554 каты боюнча, Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү I сессиясы токтом кылат:
1.Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы А. Өскөнбаев атындагы маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн дем берүүчү (үлуштүк) гранттка өздүк салым катары 2025- жылдын жергиликтүү бюджеттинен 1 290 000 (бир миллион эки жүз токсон миӊ) сом бөлүнүп берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Кошалиевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
Тѳрага | К. Усупов |