Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №1/5
Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлорду бекитүү жана өздүк салымдарды бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 18.11.2024-жылдагы №2.2-4/554 каты боюнча, Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү I сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган төмөндөгү долбоорлор жактырылып, бекитилсин.
2. Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган төмөндөгү долбоорлордун өздүк салымдары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Долбоорлорду тийиштүү тараптарга тапшырууну Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү камсыз кылсын.
№ | Долбоордун аталышы | Долбоор боюнча өздүк салым суммасы: | Долбоордун жалпы суммасы: |
1. | Эчки-Башы айылындагы Кампаны чатырчалоо, ремонтоо иштери. | 500 000 | 3 271 070 |
2. | Куйбышев айылындагы А. Осмонов атындагы маданият үйүнө жулуулук тутумун орнотуу, инвентарларды алуу боюнча | 500 000 | 4 663 473 |
4.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Кошалиевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
Тѳрага | К. Усупов |