КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара–Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2023-жылдын 09-февралы № 13/1
“Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2022-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жана 2023-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 23- январь 2023-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши токтом кылат:-
1. ”Кара-Кулжа Тазалык” Муниципалдык ишканасынын 2022-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 6.896.681 (алты миллион сегиз жүз тосон алты мин алты жүз сексен бир) сомго, чыгашасы 6.896.681 (алты миллион сегиз жүз тосон алты мин алты жүз сексен бир) сомго айрым кемчилдиктер менен канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2. ”Кара-Кулжа Тазалык” Муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата бюджетинин кирешеси 7.850.001 (жети миллион сегиз жүз элүү мин бир) сомго, чыгашасы 7.850.001 (жети миллион сегиз жүз элүү мин бир) сомго бекитилсин.
3. ”Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата жалпы 24 штаттык саны боюнча эмгек акыга 5.568.446 (беш миллион беш жүз алтымыш сегиз мин төрт жүз кырк алты) сомго бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Бөрүбаев |