Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кара–Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2023-жылдын 09-февралы № 13/2

 

“Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2022-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жана 2023-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 23- январь 2023-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши токтом кылат :-

 

1. ”Кара-Кулжа Таза-Суу” Муниципалдык ишканасынын 2022-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 8.606.812 (сегиз миллион алты жүз алты мин сегиз жүз он эки) сомго, чыгашасы 8.607.586 (сегиз миллион алты жүз жети мин беш жүз сексен алты) сомго айрым кемчилдиктер менен канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.

2. ”Кара-Кулжа Таза-Суу” Муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата кирешеси 9.854.500 (тогуз миллион сегиз жүз элүү төрт мин беш жүз) сомго, чыгашасы 9.854.500 (тогуз миллион сегиз жүз элүү төрт мин беш жүз) сомго бекитилсин.

3. ”Кара-Кулжа Таза-Суу” Муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата жалпы 21 штаттык саны боюнча эмгек акыга 4.392.185 (төрт миллион үч жүз токсон эки мин бир жүз сексен беш) сомго бекитилсин.

4. Калкты таза-суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана эскилиги жеткен таза-суу линияларын ондоо максатында ыкчам иштерди уюштуруу үчүн ВАЗ лада үлгүсүндөгү автоунаа сатып алууга ”Кара-Кулжа Таза-Суу” Муниципалдык ишканасынын 2023-жылга бекитилген бюджетинен, калктан топтолгон жыйымдын эсебинен 300.000 сом акча каражат бөлүнүп берилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

А.Бөрүбаев