Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 15-январы № 10
Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун 2025-2027-жылдарга бюджетинин (консолидацияланган бюджетинин) болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 430244620,0 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 405946753,0 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджетинин профицити 24297867,0 миң сом суммасында белгиленсин жана ал финансылык активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу жана тышкы милдеттенмелердин негизги бөлүгүн (мамлекеттик тышкы карыздын негизги суммасын) жабуу үчүн чыгашаларды каржылоого 2-тиркемеге ылайык жумшалсын.
3. Кыргыз Республикасынын 2026-2027-жылдарга республикалык бюджетинин төмөнкүдөй пландык көрсөткүчтөрү жактырылсын:
1) 2026-жылга кирешелер боюнча план - 465964762,6 миң сом суммасында, 2027-жылга - 514104951,8 миң сом суммасында;
2) 2026-жылга чыгашалар боюнча план - 429247082,5 миң сом суммасында, 2027-жылга - 470861252,7 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджетинин профицитинин планы - 36717680,1 миң сом суммасында;
4) Кыргыз Республикасынын 2027-жылга республикалык бюджетинин профицитинин планы - 43243699,1 миң сом суммасында.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2026-2027-жылдарга жактырылган пландык көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2025-2027-жылдарга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү 3 жана 4-тиркемелерге ылайык булактардан түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2025-2027-жылдарга республикалык бюджетинен чыгашаларды каржылоого каражаттар 5, 6 жана 7-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду үчүн башка кирешелер катары республикалык бюджеттин кирешелеринин бир бөлүгүнүн эсебинен республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү аркылуу Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна каражаттарды которуу төмөнкүдөй тартипте белгиленсин:
1) 2025-жылы - 10000000,0 миң сом;
2) 2026-жылы - 10000000,0 миң сом;
3) 2027-жылы - 10000000,0 миң сом.
3. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан чыгашалар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында аныкталган максаттарга жүзөгө ашырылсын.
4. Чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн гранттарын жана кредиттерин кайтаруунун эсебинен топтолгон каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде кийин ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен пайдаланылсын.
5-берене.
1. 2025-2027-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар 8-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Капиталдык салымдарды каржылоого 2025-жылы бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 10000000,0 миң сом суммасында бекитилсин жана артыкчылыгын эске алуу менен алар 2025-жылга бекитилген тизмеге ылайык социалдык-экономикалык объекттерди, ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарын, ирригациялык курулмаларды, автомобиль жолдорун, улуттук коопсуздук, укуктук тартип, куралдуу күчтөрдүн объекттерин жана стратегиялык маанидеги объекттерди долбоорлоону, курууну, капиталдык оңдоону жана реконструкциялоону аяктоого/улантууга жумшалсын.
3. 2026-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын пландык көлөмү 10000000,0 миң сом, 2027-жылы - 10000000,0 миң сом суммасында бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык, табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 50000,0 миң сом жумшалсын.
5. 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине белгиленген тартипке ылайык бюджеттик кредит берүүгө 25400,0 миң сом жумшалсын.
6. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2025-жылы - 1500000,0 миң сом, 2026-жылы - 1500000,0 миң сом, 2027-жылы - 1500000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыгы белгиленсин.
6-берене.
1. Корголгон беренелер ("Эмгек акы", "Социалдык фондго төгүмдөр", "Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу", "Тамак-аш продуктуларын сатып алуу", "Социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар", "Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар", "Стипендиялар"), ошондой эле мамлекеттик карыздык милдеттенмелер жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктеринин учурдагы гранттары ("Социалдык фондго трансферттер" жана "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер") боюнча чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
2. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча өздүк чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2025-2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашырсын.
4. Мамлекеттик органдардын сатып алууларынын пландары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттөрдө бекитилүүгө тийиш.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөргө, өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмүнүн өзгөрүшүнө, баалардын деңгээлдерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
8-берене.
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 2025-жылдын 1-январына карата 1500000,0 миң сомдон кем эмес суммада белгиленсин.
2. Бир кредитордун алдында мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынын 45 пайызынан көп эмес карыздын түзүлүшүнө сандык чектөө белгиленсин.
3. Мамлекеттик карыздын чеги ички дүң продуктуга (ИДП) карата 70 пайыздан көп эмес белгиленсин.
9-берене.
1. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджетинен каржылоо 9-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоонун пландык суммасы 10 жана 11-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. 2025-2027-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) салык агенттери төлөөчү киреше салыгы - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 90 пайыз, республикалык бюджетке 10 пайыз өлчөмүндө;
2) сатуудан алынуучу салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
3) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунай, газ) кошпогондо - кендерди иштетүү жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз, республикалык бюджетке - 50 пайыз өлчөмүндө;
4) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
5) патенттин негизиндеги салык - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
6) салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча бирдиктүү салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
7) майнингге салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
8) электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
9) оюн-зоок ишине салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
10) өзгөчө режимдеги соода аймактарындагы ишке салык - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
11) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым - кендерди иштетүү жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз, республикалык бюджетке 93 пайыз өлчөмүндө;
12) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз, республикалык бюджетке 80 пайыз өлчөмүндө.
2. Жаппы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык түшүүлөрүнүн суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
3. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга тийиш эмес.
11-берене.
2025-2027-жылдарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммаларын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтаруу 12-тиркемеге ылайык камсыз кылынсын.
12-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрү чыгашалардын 2210705,1 миң сом жалпы суммасында 13-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2026-2027-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөөчү трансферттердин пландык өлчөмдөрү 13-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Теңдөөчү трансферттердин каражаттары корголгон беренелерди, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде көмүр сатып алууну артыкчылыктуу тартипте каржылоого жумшалат.
4. Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо, анын ичинде көмүр сатып алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик алат.
5. 2025-жылга республикалык бюджетте "Социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу жана башка иш-чаралар" бөлүмүндө 3000000,0 миң сом суммасында андан ары максаттуу трансферттер түрүндө бөлүү менен Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашалардын бөлүгүн жабууга, 2026-жылга - республикалык бюджеттен Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашаларды толук каржылоого каражаттар каралсын.
6. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле финансылык каражаттар болгондо, жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат;
- Баткен облусун кошпогондо, жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын күтүүгө, анын ичинде алардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө фонду боюнча, чыгашаларды каржылоо жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат.
13-берене.
1. Республикалык бюджетте Ош жана Баткен облустарын өнүктүрүү фонддорун каржылоого 300000,0 миң сом суммасында жана райондорду өнүктүрүү фонддорун каржылоого 834400,0 миң сом суммасында каражат каралсын.
2. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна жумшалган республикалык бюджеттин каражаттарын максаттуу пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жоопкерчилик алат.
14-берене.
1. Райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын электр энергиясына чыгашаларын каржылоо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга республикалык бюджетте 1115966,7 миң сом суммасында каражат каралсын.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын электр энергиясына чыгашаларын каржылоону электр энергиясын керектөөнүн бекитилген лимитине ылайык жүргүзсүн.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын электр энергиясына болгон чыгашаларын республикалык бюджеттен максаттуу каржылоо үчүн жоопкерчилик алат.
15-берене.
Эң аз эмгек акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын эң аз эмгек акы жөнүндө мыйзамдарына ылайык 2025-жылга - 2865,0 сом, 2026-жылга - 3280,0 сом жана 2027-жылга 3670,0 сом суммасында белгиленсин.
16-берене.
1. Бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган ченемдерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин кошпогондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн мекемелер казыналык тутумдан тышкары бардык эсептерди жапсын.
3. Көрсөтүлгөн ченемдер бузулганда, бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
17-берене.
1. Учурдагы жылда кабыл алынган, кошумча финансылык ресурстарды талап кылуучу ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу боюнча чыгашалар Кыргыз Республикасынын кийинки жылга республикалык бюджетинде каралсын.
2. Бюджеттик мекемелерге жыл башында атайын эсептерде топтолгон каражаттардын калдыктарын ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин пайдаланууга уруксат берилсин.
3. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна жыл башында региондорду өнүктүрүү фонддорунун бюджеттик эсептеринде топтолгон каражаттардын калдыктарын ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин пайдаланууга уруксат берилсин.
18-берене.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жана юридикалык жактардын аткаруу баракчалары боюнча төлөмдөр тиешелүү мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
19-берене.
1. Мамлекеттик органдардын 2025-2027-жылдарга программалык бюджети 14-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Мамлекеттик органдар бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жылдык отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 14-тиркемеге ылайык берсин.
20-берене.
1. Ушул Мыйзамга жылына эки жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жобосун аткаруу камсыз кылынсын. Мында биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, экинчиси 1-ноябрынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал жана/же өзгөчө кырдаал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин бекитилген бюджеттин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдерин кабыл алуу жолу менен бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн ортосунда бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бюджеттин ушул көрсөткүчтөрүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнүн учурдагы өзгөрүүлөрүнө ылайык бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн сметалык дайындоолоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
21-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 11-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |