Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кара–Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2023-жылдын 09-февралы № 13/4

 

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2022-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 2022-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалын караган айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 02-февраль 2022-жыл № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши токтом кылат :-

 

1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин кирешеси 64.791.237 (алтымыш төрт миллион жети жүз токсон бир мин эки жүз отуз жети) сомго жана чыгаша 63.560.036 (алтымыш үч миллион беш жүз алтымыш мин отуз алты) сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.

 

2. Кыргыз Республикасынын “Сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын талаптарын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

А.Бөрүбаев