КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара–Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2023-жылдын 09-февралы № 13/7
Кара-Кулжа айылындагы А.Юсупов атындагы көчөдө жайгашкан “Мин-Өрүк” мектепке чейинки билим берүү уюмун ачууга уруксат берүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 07- февраль 2023-жыл № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши токтом кылат :-
1. Кара-Кулжа айылындагы А.Юсупов атындагы көчөдө жайгашкан “Мин-Өрүк” мектепке чейинки билим берүү уюму ачылсын.
2. “Мин-Өрүк” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имараты муниципалдык менчикке кабыл алынсын жана муниципалдык менчик рээстирге каттоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ош облусунун Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүу жагы айыл өкмөтүнө жана “Мин-Өрүк” мектепке чейинки билим берүү уюмуна милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Аматовго жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Бөрүбаев |