КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара–Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2023-жылдын 09-февралы № 13/8
“Шадай” Суу пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин аткарлышынын абалы жана 2023-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана “Шадай” Суу пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин аткарлышынын абалы жана 2023-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндөгү “Шадай” СПА нын төрагасы М.Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши токтом кылат :-
1. “Шадай” Суу пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 707. 241 сомго жана чыгашасы 707. 241 сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2. “Шадай” Суу пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга карата бюджетинин кирешеси 1.001.600 (бир миллион бир мин алты жүз) сомго, чыгашасы 1.001.600 (бир миллион бир мин алты жүз) сомго бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Бөрүбаев |