Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫН ЖАНА АЙДООЧУЛУК КУРАМДЫ КАТТОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 10-декабры № 155
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жака айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Агенттик) 2024-жылдын 30-октябрындагы № 118 буйругуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине киргизилген. Агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү административдик регламенттери бекитилсин:
1) Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү (Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 77-пункту) 1-тиркемеге ылайык;
2) Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү (Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 78-пункту) 2-тиркемеге ылайык;
3) Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен автомототранспорт каражаттарына менчик укугун каттоо (кайра каттоо) (Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 79-пункту) 3-тиркемеге ылайык;
4) Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен -факторлорго, трактордун чиркегичтерине, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар (кооптуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдөн башка) стационардык технологиялык түзүлүштөргө менчик укугун каттоо (кайра каттоо) (Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 80-пункту) 4-тиркемеге ылайык;
5) Транспорт каражаттары жана айдоочунун күбөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды тастыктоо (Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 81-пункту) 5-тиркемеге ылайык;
6) Транспорт каражаттарын ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү коюу (камакка алуу, күрөөгө коюу) (Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 82-пункту) 6-тиркемеге ылайык;
7) Тракторист-машинисттин квалификациялык экзамендерин алуу (Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 5-главасынын 67-пункту) 7-тиркемеге ылайык.
2. Эл аралык кызматташтык, укуктук камсыздоо жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмү:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымдоо үчүн жөнөтсүн.
3) ушул буйрукту "Эркин-Тоо" гезитинде жана Агенттиктин расмий сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Агенттиктин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү:
1) ушул буйруктун 1-пунктунда жазылган кызматтарды көрсөтүү боюнча иштери уюштурушсун;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча түшкөн сунуштарга талдоо жүргүзүшсүн жана тийиштүү чара көрүшсүн.
4. Уюштуруу иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү бул буйрукту мамлекеттик кызмат көрсөтүшкөн Агенттиктин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо директордун орун басары Б.К.Шералиевге жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору |
| У.Карыпбеков |