Кабак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 28-15-7 «Кабак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен алынган трансформаторлорду Жумгал РЭСтин балансына кайтарымсыз өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
2023-жылдын 10-апрелиндеги № 28-15-7
Кабак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен алынган трансформаторлорду Жумгал РЭСтин балансына кайтарымсыз өткөрүп берүү жөнүндө
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:
1. Кабак айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен алынган төмөндөгү трансформаторлор Жумгал РЭСтин балансына кайтарымсыз өткөрүлүп берилсин:
- Ж-549 “Жайылма” 100 ква 6 кв;
- Ж-555 “Узак” 250 ква 6 кв;
- Ж-556 “Максат” 250 ква 10 кв;
2. Трансформаторлорду өткөрүп берүү жана документация иштерин бүткөрүү жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Д. Абдыралиев |