КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
2023-жылдын 10-апрелиндеги № 28-15-6
Кабак айыл аймагындагы малчылардын бадага мал алуу тарифин бекитүү жөнүндө
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана айыл тургундарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:
1. Кабак айыл аймагында малчылардын мал багуу кызмат акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
2. Мал ээси жайыт акысын өзү төлөп, көчүп-конууга жардамдашкан жана малга керектүү туз менен камсыздаган учурда мал башына айына 60 сомдон;
3. Мал ээси жайыт акысын өзү төлөбөгөн, көчүп-конууга жардамдашпаган жана малга керектүү туз менен камсыздабаган учурда мал башына айына 100 сомдон;
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Д. Абдыралиев |