Редакцияот 10.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

 

2023-жылдын 10-апрелиндеги № 28-15-1

 

Бир-Калпак участкасына калктуу конуш куруу жана трансформациялоо жөнүндө

 

Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Бир-Калпак участкасына калктуу конуш куруу жана жерин которуу (трансформация) жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:

 

1. Кабак айыл аймагынын Бир-Калпак участкасынан калктуу конуш курууга 12 га жер бөлүнүп берилсин.

2. Жер участогун которуу (трансформация) жана документация иштерин бүткөрүү жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.

3. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

Д. Абдыралиев