КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2023-жылдын 24-февралындагы № 28-14-5
“Кабак айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелери” жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык, Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо чаралары жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:
1. Кабак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги “тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана чыгарууну уюштуруу” маселесин чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси 1-тиркемеге жана Кабак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 23-декабрындагы №134 буйругунун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кабак айыл өкмөтүнүн башчысы бекитилген функцияларды аткаруу, тейлөөнү уюштуруу жана милдеттерди аткарууга тиешелүү иштерди камсыз кылсын.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Д. Абдыралиев |
|
| Кабак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-февралындагы № 28-14-5 токтомуна 1-тиркеме |
№ | Кызматтын/функциянын/милдеттин аталышы | Аткаруу үчүн жооптуу |
1.Кызматтар | ||
1.1. | Жеке жана юридикалык жактар үчүн тиричиликтеги катуу калдыктарын (ТКК) чыгаруу жана жок кылуу | Айыл өкмөт башчысы |
1.2. | Курулуш таштандыларын чыгаруу | Айыл өкмөт башчысы |
1.3. | Муниципалдык жана социалдык объектилердин, муниципалдык баланста турган жалпы пайдаланудагы автожолдордун жээктерин жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу | Айыл өкмөт башчысы |
2. Функциялар | ||
2.1. | Айыл аймактардагы ички көчөлөрдүн инфраструктуралык түзүмүнүн иш-аракеттерин пландаштыруу (жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу, тазалык ) | Айыл өкмөт башчысы |
2.2. | Айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда катуу калдыктарды жыйноо, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча ЖӨБ органдарынын иш-аракеттерин пландаштыруу | Айыл өкмөт башчысы |
2.3. | Юридикалык жана жеке жактар үчүн ТККнын топтоо нормасын эсептөө | Айыл өкмөт башчысы |
2.4. | Катуу таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифти эсептөө | Айыл өкмөт башчысы |
2.4. | ЖӨБдин аткаруу органынын жылдык иш планында катуу калдыктарды чогултууну жана ташып чыгарууну пландаштыруу | Айыл өкмөт башчысы |
2.5. | Таштанды жайда катуу таштандыларды жок кылуу боюнча иштерди пландаштыруу | Айыл өкмөт башчысы |
2.6. | ТККны ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифтерди төлөө үчүн жарандардын жеңилдетилген категорияларын аныктоо | Айыл өкмөт башчысы |
2.7. | ТККны алгачкы чогултуу жана сактоо боюнча контейнердик аянтчаларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү | Айыл өкмөт башчысы |
2.8. | ТККны чогултуу үчүн жайларды жайгаштыруунун технологиялык картасын иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөт башчысы |
2.9. | ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүнү тандоо/дайындоо | Айыл өкмөт башчысы |
2.10. | Юридикалык жана жеке жактарга көрктөндүрүү эрежелери жөнүндө маалымат берүү | Айыл өкмөт башчысы |
3. Милдеттенмелер | ||
3.1. | ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө атайын жабдууларды сатып алуу | Айыл өкмөт башчысы |
3.2. | Жарандардын аярлуу топторуна субсидияларды төлөө | Айыл өкмөт башчысы |
Кабак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Д. Абдыралиев |