КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2023-жылдын 16-январындагы № 28-13-3
Кабак айыл аймагынын Котур-Суу айылындагы “Кызыл-Октябрь” орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө
Кенжекулова Дамиракан Шамшытбековнанын кайрылуусун кароо боюнча Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 18-ноябрындагы №115 буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын корутундусун Кабак айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттары угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кабак айыл аймагынын Котур-Суу айылындагы “Кызыл-Октябрь” орто мектебине Түмөнбаев Шекелдин ысымы берилсин.
2. Кабак айыл аймагынын Котур-Суу айылындагы “Кызыл-Октябрь” орто мектеби Түмөнбаев Шекел атындагы “Кызыл-Октябрь” орто мектеби деп аталсын.
3. Түмөнбаев Шекел атындагы “Кызыл-Октябрь” орто мектеби деп атоодогу калган документ иштерин бүткөрүү жагы, кайрылуучу Д. Кенжекуловага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага: |
| Д. Абдыралиев |