Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| Бекитилди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 155 буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ "Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү"
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, 77-пункт)
1. Жалпы жоболор
I. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, анын аймактык каттоо бөлүмдөрү жана секторлору (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
II. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 118 буйругу менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
III. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
1. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү:
4 жумушчу күндөн ашык эмес.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн:
а) квалификациялык (теориялык жана практикалык) сынактарды ийгиликтүү берүү керек - квалификациялык сынактарды ийгиликтүү берүү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган системасында далилденет;
б) теориялык сынакты тапшыра албаган талапкер практикалык сынакка киргизилбейт. Теориялык же практикалык сынакты кайрадан тапшыруу мурдагы сынак өткөрүлгөн күндөн тартып 3 күндөн эрте эмес дайындалат. Тапшырылган сынактардын жыйынтыгы терс болгондо, квалификациялык сынактарды тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт.
в) квалификациялык сынакты кайрадан тапшыруу үчүн ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө төмөнкү документтер берилет:
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын жана чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), 2024-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары;
- берилүүчү датасы 12 айдан ашпаган, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүүдөн, психикалык саламаттыгын аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөнүн ырастаган документ;
- айдоочулардын курамын даярдаган жана кайра даярдаган окуу уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүк;
- айдоочулардын курамын даярдоочу окуу уюмдары тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы;
- айдоочулук күбөлүк же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы күбөлүк (эгер мурда берилсе). Чет тилде түзүлгөн айдоочулук күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге которулган жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы тууралуу нотариустун, же мындай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу болгон башка кызмат адамынын күбөлөндүргөн кол тамгасы болушу керек;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
"С", "C1", "D", "D1", "СЕ", "C1E", "DE" жана "D1E" категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкаруу укугуна кайра даярдалган учурда автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарды бүтүргөнү жөнүндө күбөлүк берилет.
Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө төмөнкү документтерин берет:
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), 2024-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы айдоочулук күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү;
- жалтырак эмес фото кагаздагы 3,5x4,5 см өлчөмүндөгү түстүү бир фото сүрөтү;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн ээсинин расмий өкүлүнө төмөнкүдөй документтер болсо, берүүгө жол берилет:
- нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
- өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүргөн документ же болбосо "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүргөн документти көрсөтүү;
- ишеним берүүчүнүн колдонуудагы Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн түп нускасы;
- ишеним берүүчүнүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карт), 2024-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-карта) көчүрмөсү;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары;
- жалтырак эмес фото кагаздагы 3,5x4,5 см өлчөмүндөгү эки түстүү фото сүрөтү;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
Мурда берилген айдоочулук күбөлүктүн ордуна Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүү төмөнкү учурларда сынак тапшырбастан жүргүзүлөт:
- айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
- айдоочулук күбөлүктө камтылган анын ээсинин жеке маалыматтары өзгөрсө;
- эгер айдоочулук күбөлүк эскирүүнүн, бузулуунун натыйжасында же башка себептер менен андан ары пайдалануу үчүн жараксыз болуп калса жана анда (же анын бир бөлүгүндө) көрсөтүлгөн маалыматтарды визуалдуу аныктоого мүмкүн болбой калса;
- айдоочулук күбөлүк жоголгондо.
Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу адамдардын жашаган (барган) ордунан көз карандысыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүндө жүргүзүлөт.
- Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде жүргүзүлөт.
Мурда берилген же жоготуп алган улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүнүн ордуна улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүү үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди берет:
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), 2024-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же болбосо Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020, 2023-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, же болбосо Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту - Кыргыз Республикасында жайгашкан же андан тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны үчүн;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, анда белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу жөнүндө белги же апостиль коюп, мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси/органы тарабынан берилген датасы 12 айдан ашпаган медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы айдоочулук күбөлүктү же улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктү (жоголгон учурда берилбейт);
- айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүктү.
Электрондук маалымат базасында маалыматтар болгондо күбөлүк берилбейт.
Окугандыгы жөнүндө күбөлүк жана электрондук маалыматтар системасында маалыматтар болбосо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдан айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документ берилет;
- айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы.
Электрондук маалымат базасында маалыматтар болсо, айдоочунун өздүк карточкасы берилбейт.
Айдоочунун өздүк карточкасы болбосо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдан айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документ берилет.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери Кыргыз Республикасынын жарандарынан алынган документтердин түп нускасын сканерлейт жана корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу документтердин электрондук көчүрмөлөрүн ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт. Автоматташтырылган маалымат системасынын ишинде техникалык жактан иштен чыгып калуулар болгон учурларда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же
консулдук мекемесинин жооптуу кызматкери көрсөтүлгөн материалдарды компакт-дискке жаздырат жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматы аркылуу дипломатиялык почта менен ыйгарым укуктуу органдын дарегине жөнөтөт.
Айдоочулук күбөлүктөрдү, анын ичинен мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун республикаларында 1992-жылдын 1-январына чейин берилген "SU" (СССР) айырмалап туруучу белгилери бар айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринин 43-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер болгондо квалификациялык сынактар тапшырылбастан жүргүзүлөт.
Мурда улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алган чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн жоготуп алган учурда айдоочулук күбөлүк Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде каралган жалпы негиздерде калыбына келтирилет.
Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттерден алган айдоочулук күбөлүгү жоголгон учурда чет мамлекеттин айдоочуларды даярдаган окутуучу уюмун бүтүргөнү тууралуу документи болсо айдоочулук күбөлүк Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде каралган жалпы негизде калыбына келтирилет.
Башка мамлекеттерден берилген чет өлкөлүк жарандардын жоголгон (уурдалган) чет өлкөлүк улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүнүн ордуна Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгү берилбейт.
Автоматташтырылган маалыматтык системада жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугу чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде фиксацияланган укук бузуулар үчүн айыптар боюнча арыз ээсинин карыздары жөнүндөгү маалыматтардын болушу айдоочулук күбөлүктү берүүдөн баш тартууга негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн жоготулгандардын ордуна алуу үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугу чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн болгон айыптарды төлөөгө тийиш.
Чет мамлекеттин улуттук айдоочулук күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнө алмаштыруу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документ, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
- чет өлкөнүн улуттук айдоочулук күбөлүгү жана чет мамлекеттен берилген айдоочулук күбөлүктүн нотариуста күбөлөндүрүлгөн котормосу;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
Колдонуудагы чет өлкөлүк улуттук айдоочулук күбөлүктөр тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу, же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык макулдашуулардын алкагында транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу чет өлкөлүк жаранга айдоочулук күбөлүк берилгендигин кат жүзүндө ырастоону алгандан кийин Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырылат.
Зарыл болгон документтерди бергенден кийин чет өлкөлүк жарандар практикалык сынак тапшырышат.
Чет өлкөлүк жарандан квалификациялык сынак кабыл алуу Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде каралган жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу келген жана чет өлкөлөрдүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрү жок адамдарга Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн берүү Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде каралган жалпы негизде жүргүзүлөт.
Чет өлкөнүн улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу эгер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкалар каралбаса, Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде каралган практикалык сынакты өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Вена конвенциясынын катышуучусу болбогон өлкөлөрдүн жарандары квалификациялык сынактарды тапшыргандан кийин жана Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринин 56-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бергенден кийин өздөрүнүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырууга укуктуу.
(3) Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы:
- айдоочулук курам боюнча маалыматтык базасын акы төлөнүүчү негизде түзүү;
- теориялык жана практикалык сынакты акы төлөнүүчү негизде кайрадан кабыл алуу;
- улуттук жана эл аралык үлгүдөгү күбөлүктү акы төлөнүүчү негизде каттоо жана берүү;
- ошондой эле бланктык продукциянын наркы төлөнөт.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын макулдашуусу менен ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:
- транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктү берүү (улуттук, эл аралык).
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн негиз болгон ченемдик укуктук документтер:
- Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Документтерди кабыл алуу жана каттоо |
|
2 | Квалификациялык (теориялык, практикалык) сынактарды иреттүүлүк менен кабыл алуу | Квалификациялык сынакты тапшырууда талапкер бетинин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоодон өтөт |
3 | Теориялык сынакты кайрадан кабыл алуу (тапшырбай калган учурда) | Теориялык сынактын жыйынтыгы терс болгондо, теориялык сынакты кайрадан тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт |
4 | Практикалык сынакты кайрадан кабыл алуу (тапшырбай калган учурда) | Практикалык сынактын жыйынтыгы терс болгондо, практикалык сынакты кайрадан тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт |
5 | Сүрөткө тартылуу жана айдоочулук күбөлүктү жол-жоболоштуруу | Айдоочулук күбөлүк жоготулганда же алмаштырылганда арыз ээси сүрөткө тартылып, айдоочулук күбөлүктү жол-жоболоштурат |
6 | Улуттук жана/же эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү каттоо жана берүү | Улуттук жана/же эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүү |
3. Жол-жобонун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жобонун сүрөттөмөсү жана анын мүнөздөмөсү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызматкер | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракеттердин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу жана каттоо | ||||
1.1. Талапкерди автомектептерде даярдоо/кайра даярдоо курстарын аяктагандыгын АМСте текшерүү. | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт | Каттоонун бар же жок болгондугу | - КРдин "Жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы; - КРдин Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому; - КРдин Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо |
1.2. Арыз берген адамдын ал көрсөткөн паспортуна ылайык келүүсүн текшерүү, көрсөтүлгөн документтердин белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт | Уруксат берүү же баш тартуу | |
1.3. Айдоочулук күбөлүк жоголгондо же алмаштырылганда жаңы күбөлүк квалификациялык сынакты тапшырбастан, сүрөткө тартылгандан кийин берилет | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт | Сүрөткө тартылууга уруксат берүү | |
1.4. Зарыл документтер жок болгондо же алар мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген фактылар табылган учурларда жүйөлүү түрдө документтерди кабыл алуудан баш тартылат | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт | Документтерди кабыл алуудан баш тартуу | |
Жол-жобонун натыйжасы: документтерди кабыл алуу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөттөн ашык эмес | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн убакыты электрондук кезекте күтүүнү эсептебестен көрсөтүлдү.
Кийинки жол-жобонун номери: № 2 | ||||
2-жол-жобо. Квалификациялык сынактарды кабыл алуу (теориялык, практикалык) | ||||
Тапшырылган документтер белгиленген талаптарга шайкеш келген учурда: 2.1. Төмөнкү учурларда онлайн режиминде "Айдоочулук курамды тестирлөө" автоматташтырылган маалыматтык системасында Жол кыймылынын эрежелери боюнча теориялык сынакты тапшырууга уруксат берилет: - айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алганда; - жогору категорияны алганда; - сот органдары аркылуу мурда ажыратылган айдоочулук күбөлүктөрү кайра берилгенде; | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 25 мүнөт | Квалификациялык сынакты тапшырууга уруксат берүү | - КРдин "Жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы; - КРдин Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому; - КРдин Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо |
2.2. Жол кыймылынын эрежелерин билүүгө теориялык сынак тапшыруу. | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 25 мүнөт | Теориялык сынактан өтүү же өтпөй калуу | |
2.3. Теориялык сынакты тапшыргандан кийин талапкерге тийиштүү категориядагы жана категориячадагы транспорт каражаттарын айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык сынактан өтүүгө уруксат берилет. | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 60 мүнөт | Практикалык сынактан өтүү же өтпөй калуу | |
2.4. Квалификациялык сынактардан ийгиликтүү өткөн талапкер белгиленген төлөмдөрдү төлөө үчүн сүрөткө тартылуу жана арызды басып чыгаруу үчүн операторго жөнөйт. | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 20 мүнөт | Натыйжаларын камтыган сынак баракчасын берүү | |
Жол-жобонун натыйжасы: квалификациялык сынактарды тапшыруу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 1:50 мүнөттөн ашык эмес | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: № 3 | ||||
3-жол-жобо. Теориялык сынакты кайрадан кабыл алуу | ||||
3.1. Теориялык сынактан өтө албаган учурда талапкерге онлайн режиминде "Айдоочулук курамды тестирлөө" автоматташтырылган маалыматтык системасында Жол кыймылынын эрежелери боюнча теориялык сынакты кайрадан тапшырууга уруксат берилет | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 25 мүнөт | Теориялык сынактан өтүү же өтпөй калуу | - КРдин "Жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому; - КРдин Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо |
3.2 Теориялык сынакты кайрадан тапшырган талапкерге тийиштүү категориядагы жана категориячадагы транспорт каражаттарын айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык сынактан өтүүгө уруксат берилет. | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 60 мүнөт | Практикалык сынактан өтүү же өтпөй калуу | |
3.3 Квалификациялык сынактарды ийгиликтүү тапшырган талапкер белгиленген төлөмдөрдү төлөө үчүн сүрөткө тартылуу жана арызды басып чыгаруу үчүн операторго жөнөйт. | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 20 мүнөт | Натыйжаларын камтыган сынак баракчасын берүү | |
Жол-жобонун натыйжасы: квалификациялык сынактарды тапшыруу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 1:50 мүнөттөн ашык эмес | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн убакыты электрондук кезекте күтүүнү эсептебестен көрсөтүлдү.
Кийинки жол-жобонун номери: № 4 | ||||
4-жол-жобо. Практикалык сынакты кайрадан кабыл алуу | ||||
4.1. Тийиштүү категориядагы жана категориячадагы транспорт каражаттарын айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык сынактан кайрадан өтүүгө уруксат берилет | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 60 мүнөт | Практикалык сынактан өтүү же өтпөй калуу | - КРдин "Жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому; - КРдин Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо |
4.2 Квалификациялык сынактарды ийгиликтүү тапшырган талапкер белгиленген төлөмдөрдү төлөө үчүн сүрөткө тартылуу жана арызды басып чыгаруу үчүн операторго жөнөйт | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 20 мүнөт | Натыйжаларын камтыган сынак баракчасын берүү | |
Жол-жобонун натыйжасы: квалификациялык сынактарды тапшыруу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 80 мүнөттөн ашык эмес | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн убакыты электрондук кезекте күтүүнү эсептебестен көрсөтүлдү.
Кийинки жол-жобонун номери: № 5 | ||||
5-жол-жобо. Сүрөткө тартылуу жана айдоочулук күбөлүктү жол-жоболоштуруу | ||||
5.1 Квалификациялык сынактарды ийгиликтүү тапшырган талапкер белгиленген төлөмдөрдү төлөө үчүн сүрөткө тартылуу жана арызды басып чыгаруу процедурасынан өтөт | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 20 мүнөт | Айдоочулук күбөлүктү берүү | - КРдин "Жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому; - КРдин Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо |
5.2. Айдоочулук күбөлүк жоготулганда же алмаштырылганда, сүрөткө тартылгандан жана белгиленген төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин жаңы айдоочулук күбөлүк квалификациялык сынакты тапшырбастан берилет | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 20 мүнөт | Айдоочулук күбөлүктү берүү | |
Жол-жобонун натыйжасы: квалификациялык сынактарды тапшыруу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөттөн ашык эмес | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн убакыты электрондук кезекте күтүүнү эсептебестен көрсөтүлдү.
Кийинки жол-жобонун номери: № 6 | ||||
6-жол-жобо. Каттоо жана улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүү | ||||
6.1 Жекелештирүү жана улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүү | Оператор | 4 күндөн ашпайт | Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бар болушу | КРдин "Жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому; - КРдин Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо |
6.2 Жекелештирүү жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүү | Оператор | 4 күндөн ашпайт | Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бар болушу | |
Жол-жобонун натыйжасы: улуттук жана/же эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүү | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 4 күндөн ашык эмес | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн убакыты электрондук кезекте күтүүнү эсептебестен көрсөтүлдү.
5. Автомектептерде окугандан кийин жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритм)
Айдоочулук күбөлүк жоготулган жана алмаштырылгандан кийин жол-жоболоштурууну аткаруу схемасы (алгоритм)
Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүүнүн схемасы (алгоритм)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) жана тышкы контролдоо жүргүзүлөт.
1) Ички контролдоону ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен түзүлгөн комиссия жүргүзөт.
2) Ички контролдоо кызмат адамдары жана кызматкер тарабынан административдик регламенттин жоболорун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузгандыгы аныкталган учурда, аларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контролдоо ыйгарым укуктуу органдын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделет, бул маалымкатка административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 жумуш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарыл болгондо, белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөрүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын тышкы контролдоо жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызматкерлердин жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке адамдарга жана/же юридикалык жактарга аткарууга аутсорсингге өткөрүлүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Шералиев Бакытбек Кемелевич, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.
2. Канатбеков Руслан Канатбекович, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин эл аралык кызматташтык, укуктук камсыздоо жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы.
3. Макеев Антон Павлович, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин транспорт каражаттарын каттоо бөлүмүнүн башчысы.