Редакцияот 16.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

2023-жылдын 16-январындагы № 28-13-1

 

Салыктык эмес төлөмдөрдүн тарифи жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2022-жылдын 12-декабрындагы №01-16/78 катына жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 12-декабрындагы №15/3302 катына ылайык Нарын облусу боюнча жайыт акыларын бирдей тартипке келтирүү боюнча сунуштарды Кабак айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттары угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Кабак айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып жайыт акылары 1 (бир) жылга бодо малга 100 (жүз) сом, жандык малга 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Таза суу акысы ар бир түтүнгө айына 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Таштанды акысы ар бир түтүнгө айына 40 (кырк) сом, жеңилдик алуучуларга 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

Д. Абдыралиев