Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык Кеңешинин кезексиз он үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 30-ноябры № 13/1
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы “Чалма” балдар бакчасын кошумча орундуктар менен камсыз кылуу багытында 2023-жылдын бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Токбай-Талаа айылындагы “Чалма” балдар бакчасын кошумча орундуктар менен камсыз кылуу багытында 2023-жылдын бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Кара-Кулжа райондук Өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорду угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токбай-Талаа айылындагы “Чалма” балдар бакчасын кошумча орундуктар менен камсыз кылуу багытында Кара-Кулжа райондук Өнүктүрүү фондуна жазылган долбооруна Чалма айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 487 985 (төрт жүз сексен жети миң тогуз жүз сексен беш) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Токбай-Талаа айылындагы “Чалма” балдар бакчасын кошумча орундуктар менен камсыз кылуу багытында Кара-Кулжа райондук Өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорун колдоп берүү жагы Кара-Кулжа райондук Өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешине сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чалма айылдык Кеңешинин торагасы: | А. Кадыркулов. |