Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык Кеңешинин кезексиз он үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 30-ноябры № 13/2
Чалма айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси” мыйзамынын 102-беренесине ылайык Чалма айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Чалма айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Козуевдин маалыматын угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн бюджетине Бакчалардын тамак-ашына бөлүнгөн смета жетишпегендиктен кошумча смета отургузулуп берилсин:
- Дет-Сад 2218 285 600
Жалпы: 285 600 (эки жүз сексен беш миң алты жүз) сом
2. Чалма айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кеңешинин бюджет боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Чалма айылдык Кеңешинин торагасы: | А. Кадыркулов. |