Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык Кеңешинин кезексиз он үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 30-ноябры № 13/3
Чалма айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоцациясынын иш жүргүзүү аймагын аныктоо жана айылдык кеңешинде каттоого алуу тууралуу
Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоцациясынын мүчөлөрүнүн жыйынында Чалма айыл аймагындагы айылдардагы коомчулуктардын ассоцациясынын уставы ассоцациянын конференциясында бекитилгендигинин негизинде жана конференция катышуучуларынын ассоцацияны каттоого алуу сунуш протоколун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” №101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестицялык ассоцациясынын Уставына ылайык иш жургүзүү аймагы Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын чек ара аймагы болуп аныкталсын.
2. Кара-Кулжа районунун Чалма айылдык кеңешинде айылдардагы коомчулуктарды инвестицялык ассоцациясынын бекитилген уставына жана конференциянын сунуш протоколуна ылайык Чалма айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестицялык ассоцациясы каттоого алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Айылдардагы коомчулуктардын инвестицялык ассоцациясынын аткаруу комитетине ассоцациясынын уставында жана ар тараптуу кызматташуу келишимдеринде көрсөтүлгөн кызматташууну ишке акшырууда көмөк көрсөтүү жагы Чалма айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Чалма айылдык Кеңешинин торагасы: | А. Кадыркулов. |