Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык Кеңешинин кезексиз он үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 30-ноябры № 13/4
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы Мамыт Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебинин чатырчасын алмаштыруу жана актовый залын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн Чалма айыл өкмөтүнүн өздүк салымына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин үлүштүк (түрткү берүүчү) гранд долбоорунан акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Токбай-Талаа айылындагы Мамыт Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебинин чатырчасын алмаштыруу жана актовый залын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн Чалма айыл өкмөтүнүн өздүк салымына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин үлүштүк (түрткү берүүчү) гранд долбоору жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап Чалма айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Токбай-Талаа айылындагы Мамыт Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебинин чатырчасын алмаштыруу жана актовый залын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн Чалма айыл өкмөтүнүн өздүк салымына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин үлүштүк (түрткү берүүчү) гранд долбоорунан 549 196 (беш жүз кырк тогуз миң бир жүз токсон алты) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токбай-Талаа айылындагы Мамыт Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебинин чатырчасын алмаштыруу жана актовый залын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн Чалма айыл өкмөтүнүн өздүк салымына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин үлүштүк (түрткү берүүчү) гранд долбоорун колдоп берүү жагы Кара-Кулжа районунун түрткү берүүчү (үлүштүк) гранд боюнча комиссиясына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы З.Оморовго жана Чалма айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чалма айылдык Кеңешинин торагасы: | А. Кадыркулов. |