БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-мартындагы № 3
Бурана айылдык кеӊештин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын “14” мартындагы №56 буйругуна ылайык, Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бурана айылдык кеңешинин типтүү регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул типтүү регламент менен иш алып баруу жагы айылдык кеӊештин депутаттарына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Респбуликасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө мамлекеттик тилде жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Бурана айылдык кеңешинин төрагасы |
| А.Б.Исагалиев |