Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кегектеги  09-сессиясы

 

2023-жылдын 24-февралы № 09/02

 

Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн Жаны-Абад айылынын Ак-Тилек участкасынын тургундарынын арызы жөнүндө

 

Жаны-Абад айылынын Ак-Тилек участкасынын тургундары арыз менен кайрылып, мурдагы №3-бригада талаа шыйпанына кеткен жолдогу мамлекеттик фонд жери 300,0 чарчы метр жер турак жай багытындагы жерлерге кирип, соц.обект катары калган. Ал жерге мамлекеттик фонд жеринен дагы 700 чарчы метр жер мыйзамсыз кошулуп, турак жайга берилип кеткен. Ошондой эле мурдагы №3-бригаданын талаа шыйпанын күн батыш тарабындагы 1000,0 чарчы метр мамлекеттик фонд жери да мыйзамсыз турак жайга берилип кеткендигине байланыштуу бул жерлерди мыйзам чегинде аныктап, элге кайтарып берүүнү суранган.

Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Тепе-Коргон айылдык Кеңеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаны-Абад айылынын Ак-Тилек участкасынын тургундарынын 1000,0 чарчы метр мамлекеттик фонд болган жер боюнча жазган арызын үйрөнүп чыгып, сот органдарына кайрылуу берилсин.

2. №3-бригаданын талаа шыйпанынын күн батыш тарабындагы 1000,0 чарчы метр мамлекеттик фонд жери мыйзам чегинде элге кайтаруу үчүн сот органдарына кайрылуу берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана аграр маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Тепе-Коргон айылдык

кеңешинин торагасы:

А.Арзиев