ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кегектеги 09-сессиясы
2023-жылдын 24-февралы № 09/03
Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн Жаны-Абад айылы тургундарынын арызы жөнүндө
Жаны-Абад айылы тургундары арыз менен кайрылып, Жаны-Абад айылындагы Жаннат мазарына тешелүү болгон жер мамлекеттик актысы Серия №1113783 (23.06.2022-жыл иден: № 5020510100398) 580,75 чарчы метр жер Хожамбердиев Абдивали Холматовичке там-жайга берилип, менчиктештирилип кеткен. Ошол турак жай үчүн берилген мазардын жерин мыйзам чегинде кайра мазарга кайтарып, турак жай үчүн берилген чечимди жараксыз деп жокко чыгарып берүүнү суранган.
Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Тепе-Коргон айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Абад айылынын тургундарынын Жаннат мазарына тешелүү жер боюнча жазган арызын үйрөнүп чыгып, сот органдарына кайрылуу берилсын.
2. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 2022-жыл 22- февраль №04 токтомун жокко чыгаруу боюнча керектүү документтер сот органына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана аграр маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тепе-Коргон айылдык кеңешинин торагасы: | А.Арзиев |