Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кегектеги  09-сессиясы

 

2023-жылдын 24-февралы № 09/04

 

Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн адиси Алишер Умаровтун билдирүүсү  жөнүндө

 

Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн адиси Алишер Умаров Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн Көк-Сарай участкасындагы 35,0 га жер тилкесин турак жайга трансформациялап документтерди тактоого 200,0 мин сом акча каражаты ажыратып берүүнү суранган.

Билдирүү боюнча А.Арзиевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Тепе-Коргон айылдык Кеңеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн адиси Алишер Умаровдин билдирүүсү канааттандырылып, Көк-Сарай участкасындагы 35,0 га жер тилкесин турак жайга трансформациялап документтерди тактоого 200,0 мин акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөткө сунуш кылынсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финанс маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

  

        Тепе-Коргон айылдык

        кеңешинин торагасы:

А.Арзиев