КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕЩЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 26-январындагы № 15-5
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүмүнө 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүмүнө 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндөгү маселени Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 3-берененин 2-пунктуна ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүмүнө 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүүгө макулдук берилсин.
2. 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын мыйзамдын негизинде иш алып баруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Женишбай у. Э |