КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕЩЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 26-январындагы № 15-3
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылга иш планын бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылга иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Иш пландын өз убагында жана толук аткарылышын көзөмөлгө алып туруу Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К. Заировага тапшырылсын.
3. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылга иш планы боюнча өз убагында айылдык кеңешинин туруктуу комитеттерде отурумдар өткөрүлүп турсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Женишбай у. Э |
Караңыз:
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде тиркеме кагаз түрүндө)