КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕЩЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 26-январындагы № 15-2
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү иш планын бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү иш планын бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү иш планына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешине ыйгарылсын.
3. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү иш планында көрсөтүлгөн иш чаралардын мөөнөтүн так сактоо жана айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн пландын негизинде алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Женишбай у. Э |
Караңыз:
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде тиркеме кагаз түрүндө)