Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕЩЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-январындагы № 15-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралган айылдык бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Бюджет Кодексинин" 102-беренесине ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. 2023-жылда Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 36 833 500 сом өлчөмүндө бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. 2023-жылга бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга бюджеттин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй болуп колдоого алынсын:
- кирешенин болжолу 2024-жылга 43 165 500 сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 9 623 000 сом менен) 2025-жылга 45 143 500 сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 9 623 000 сом менен) белгиленсин.
- Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга бюджеттин болжолунун негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.
Атайын каражаттардын кирешесин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.
Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
4. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
5. 2023-жылдын январь айына айылдык бюджети боюнча жүргүртүүлүчү кассалык накталай акча 300 миң сом суммасында белгиленсин.
6. 2023-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешине ыйгарылсын.
7. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
8. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Женишбай у. Э |
Караңыз:
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 1-тиркеме кагаз түрүндө)