Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-январы № 34
Ташып кирүүдө сапатын жана коопсуздугун баалоодон өтпөгөн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгуу жана жок кылуу тартибин бекитүү жана сатууга жараксыз деп таанылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) жана медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22, 31-беренелерин жана "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 26-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ташып кирүүдө сапатын жана коопсуздугун баалоодон өтпөгөн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгуу жана жок кылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп таанылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Сатууга жараксыз деп таанылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө жободо:
- 18-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентте:
- 10-глава күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында ишке ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-январындагы № 7 (3663) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |