Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 27-январы № 29
"Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) кардар - жекече эмгектенген же ишкердик иш менен алектенген, финансы-насыялык уюмда/эл аралык финансылык уюмда коммерциялык каржылоо, бюджеттик насыялоо алган юридикалык жак же жеке жак, же бир бөлүгү кепилдик менен камсыз кылынган ипотекалык каржылоо же мамлекеттик программанын/долбоордун алкагында каржылоо алган жеке жак - Кыргыз Республикасынын жараны;";
б) 3 жана 4-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5-пункт "финансы-насыялык уюмдан" деген сөздөрдөн кийин "/эл аралык финансылык уюмдан" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 6-пункт "финансы-насыялык уюмдун" деген сөздөрдөн кийин "/эл аралык финансылык уюмдун" деген сөздөр менен толукталсын;
д) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) кепилдик иши - кардарларга каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү жана кепилдиктерди берүү жолу менен финансы-насыялык уюмдардын/эл аралык финансылык уюмдардын насыялык тобокелдиктеринин бир бөлүгүн төмөндөтүүгө багытталган иш;";
е) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) финансы-насыялык уюмдар - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аларга берилген лицензияларынын (күбөлүктөрүнүн) негизинде банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу банктар, банктык эмес финансы-насыялык уюмдар, ошондой эле кепилдик фонд менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы жана бюджеттик насыялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган;";
ж) төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
"101) эл аралык финансылык уюмдар - мамлекеттер аралык (эл аралык) макулдашуулардын негизинде түзүлүүчү, Кыргыз Республикасында каржылоону жүзөгө ашыруучу жана кепилдик фонд менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн уюмдар;";
з) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) каржылоо - финансы-насыялык уюм/эл аралык финансылык уюм тарабынан насыяны, ислам принциптерине ылайык каржылоону же тизмеги кепилдик фонд үчүн Улуттук банк тарабынан аныкталуучу аларды алмаштыруучуларды берүү;";
и) 14-пункт "финансы-насыялык уюмдун" деген сөздөрдөн кийин "/эл аралык финансылык уюмдун" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 4-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "же кепилдик фонддун капиталына катышууга" деген сөздөр алып салынсын;
3) 12-берене "финансы-насыялык уюмдун" деген сөздөрдөн кийин "/эл аралык финансылык уюмдун" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 13-беренеде:
а) 1-бөлүк "финансы-насыялык уюмдун" деген сөздөрдөн кийин "/эл аралык финансылык уюмдун" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кепилдиктерди берүүнүн шарттары жана механизми фонддун уставында каралган кепилдик фонддун тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.";
5) 14-беренеде:
а) 1-бөлүк "финансы-насыялык уюмдар менен" деген сөздөрдөн кийин "/эл аралык финансылык уюмдар менен" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кардардын милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча кепилдик фонддун милдети кардар каржылоонун кайтарып берүү мөөнөттөрүн бузган учурда келип чыгат.
Кепилдик фонддун ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн милдети кепилдиктерди берүү саясатында каралган, карызды өндүрүп алуу боюнча зарыл чаралардын финансы-насыялык уюм/эл аралык финансылык уюм тарабынан ишке ашырылгандыгын тастыктаган, кепилдиктерди берүү саясатында каралган тиешелүү документтердин топтомун финансы-насыялык уюм/эл аралык финансылык уюм бергенден кийин келип чыгат.";
в) 4-бөлүк "финансы-насыялык уюм" деген сөздөрдөн кийин "/эл аралык финансылык уюм" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 5-бөлүк "финансы-насыялык уюмга" деген сөздөрдөн кийин "/эл аралык финансылык уюмга" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-январындагы № 7 (3663) жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддору ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ишин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 26-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |