Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-январы № 39
Ветеринария, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2025-жылдын 28-августундагы № 531, 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586, 2026-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин айрым ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын ишин өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасында тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93, 94-статьяларына, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, 22-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы" мекемеси түзүлсүн.
2. Жаңыдан түзүлгөн "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы" мекемеси Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат деп белгиленсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы" мекемесине төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
- "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат" мекемесинен тийиштүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик көзөмөлдөө, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу боюнча функциялары;
- "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти" мамлекеттик мекемесинен тийиштүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген карантинге алынуучу продукцияны жана карантинге алынуучу объекттерди көзөмөлдөө пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу функциялары;
- "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департамент" мамлекеттик мекемесинен айыл чарба жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн үрөндүк, өндүрүштүк, жем-чөп жана көчөт материалдарынын сапатын контролдоо боюнча функциялары;
- "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти" мекемесинен асылдандыруу ишинин субъекттеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана селекциялык асылдандыруу иштерин жүргүзүү боюнча башка чарбакер субъекттердин ишин контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча функциялары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
4. "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат" мекемеси ага "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти" мекемесин тийиштүү функциялары, штаттык саны, бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
5. "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат" мекемеси "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы" мекемеси болуп кайра аталсын.
6. "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы" мекемесинин карамагына төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
1) "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Арстанбек Дуйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө институту" мекемеси тийиштүү функциялары, штаттык саны, бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен;
2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы "Кыргызмамасылтукумзаводу" мамлекеттик ишканасы тийиштүү функциялары, штаттык саны, бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531, 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586 токтомдоруна ылайык күчүн жоготту)
9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 82 "Асыл тукум мал чарбасы жана ирригация жаатындагы агрардык илимди өнүктүрүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 544 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "Агросмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомунун 4-пунктунун 3-пунктчасы.
10. Функцияларды жана штатты өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык функцияларды аткаруу үчүн тиешелүү кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер которулууга (ротацияланууга) тийиш деп белгиленсин.
11. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
12. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине кайра уюштурулуп жаткан юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитүүгө ыйгарым укук берилсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу бардык чараларды көрсүн.
13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
14. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-январындагы № 7 (3663) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
"К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ТҮЗҮМҮ
".