Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-январы № 3
КРнын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 18.01.2025-ж. № 1 - Кайынды шаардык кеңеши боюнча;
- Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын 16.01.2025-ж. № 1 - Талас облусунун Айтматов районундагы Кара-Буура айылдык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 13.01.2025-ж. № 1 - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 16.01.2025-ж. № 2 - Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көл айылдык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 18.01.2025-ж. № 2 - Кайынды шаардык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын 16.01.2025-ж. № 1 - Талас облусунун Айтматов районундагы Кара-Буура айылдык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 13.01.2025-ж. № 3 - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 16.01.2025-ж. № 3 - Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көл айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Панфилов, Айтматов, Сузак жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Панфилов, Айтматов, Сузак жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Панфилов, Айтматов, Сузак жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-январындагы № 6 (3662) саны менен жарыяланды.
Төрага |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 23-январындагы № 3 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Панфилов району | |||
1 | Кайынды шаардык | Молдалиев Бакытбек Джусупович (2) "Бирге-Вместе" депутаттык фракциясы | Панфилов АШК, № 1, 18.01.2025-ж. (10.01.2025-ж. өз арызы) |
Талас облусу | |||
Айтматов району | |||
2 | Кара-Буура айылдык (№ 2 Мектеп шайлоо округу) | Керимкулов Эсенбек Мирланович | Айтматов АШК, №1, 16.01.2025-ж. (13.01.2025-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Сузак району | |||
3 | Сузак айылдык (№ 3 Москва шайлоо округу) | Хакимов Жахонгир Абдумуталипович | Сузак АШК, № 1, 13.01.2025-ж. (13.01.2025-ж. өз арызы) |
Ош облусу | |||
Өзгөн району | |||
4 | Төрт-Көл айылдык (№ 7 Прогресс шайлоо округу) | Марат уулу Ибрагим | Өзгөн АШК, № 2, 16.01.2025-ж. (14.01.2025-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 23-январындагы № 3 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
1 | Кайынды шаардык | Зайнидинов Муканбет Жожобаевич (4) "Бирге-Вместе" саясий партиясы | Панфилов районунун прокуратурасында айдоочу | Панфилов АШК, № 2, 18.01.2025-ж. |
Талас облусу | ||||
Айтматов району | ||||
2 | Кара-Буура айылдык (№ 2 Мектеп шайлоо округу) | Асылбеков Копболсун Кушубакович | Жеке ишкер | Айтматов АШК, № 1, 16.01.2025-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
3 | Сузак айылдык (№ 3 Москва шайлоо округу) | Арипов Аслиддин Алимбаевич | Жеке ишкер | Сузак АШК, № 2, 13.01.2025-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
4 | Төрт-Көл айылдык (№ 7 Прогресс шайлоо округу) | Мамытов Шекербек Өмүрзакович | Жеке чарба | Өзгөн АШК, № 3, 16.01.2025-ж. |