Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 20-январы № 18-02
Көк-Бел айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, 2001-жылдын 13-ноябрындагы № 89 “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6- сентябрыдагы ПЖ № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы” жөнүндөгү Жарлыгын аткарууга алып, Көк-Бел айыл аймагынын территориясында санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларды эффективдүү уюштуруу максатында Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл аймагын көрктөндүрүү боюнча “Көрктөндүрүү , жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” эрежелери № 1 тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Көк-Бел айыл өкмөт башчысы К.К.Карыбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Ашимов |