Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-октябры № 155
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 1-августундагы № 49, 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 72 , 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167 Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 1-августундагы № 49 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 31-октябрындагы № 183 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна (КР БШК 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 136, 2020-жылдын 4-февралындагы № 31, 2021-жылдын 17-апрелиндеги № 110, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 118 токтомдорунун редакцияларында) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө" жободо:
- 3.21-пунктундагы "өзүнүн турган жери боюнча добуш берет, анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде кармалган шайлоочулар" деген сөздөр алып салынсын;
- 5.16-пункттагы "жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт" деген сөздөр алып салынсын.
3. (КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |