Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 20-январы № 18-03
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 3-беренесинин 2-пунктуна негиз кылып Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылдын 1-январынан мүлк салыгын киргизүү маселесин карап жана талкуулап чыгып. Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгы киргизилсин.
2. Мүлк салыгын топтоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Салык Кодексине ылайык жүргүзүүнү ишке ашыруу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.К. Карыбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | А.Ашимов |