Редакцияот 23.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2023-жылдын 23-июнундагы № 3/18

 

Миң-Булак айыл аймагынын Оттук айылынын ДЭУ участкасындагы №1117 контурундагы 4.7 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу трансформациялоо жөнүндө” №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” убактылуу Жобого ылайык, Миң-Булак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Миң-Булак айыл аймагындагы ДЭУ участкасындагы №1117 контурундагы 4,7 га жайыт “Айыл чарба багытындагы жерлер” түрүнөн “кайрак айдоо” түрүнө которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомду Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, minbulak org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Жамангулов