КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутатардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 19- сессиясынын
2023-жылдын 1-марты № 19-03
Көк-Бел айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджетинен 2022-жылдан калган калдыкты бекитүү жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2022-жылдан калдык болуп калган 2 639 800 сом акча каражатын бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап , айыл элинин жазган сунуштарын жана арыздарын эске алуу менен алардын сунуштарын канааттандыруу максатында Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2022-жылдын бюджеттик эсебинен калган калдык кирешелери жана чыгашалары 2 639 800 сом өлчөмүндө бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Жогорудагы бекитилген акча каражатын максаттуу, өз багытында пайдалануу жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Карыбековго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Дадабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин экономика, бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ашимов |
|
| Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги 19-сессиясынын № 19-03 токтомуна 1-тиркеме |
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2023-жылга калдык болуп калган акча каражатын бөлүштүрүү
№ | Каражат түрлөрү | Миң сом |
1 | 2022-жылдан калдык болуп калган акча каражаты | 2 639,8 |
| Бардык киреше | 2 639,8 |
2 | Чыгашалар |
|
| Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 271,5 |
| Коммуналдык чарбага | 1935,4 |
| Билим берүүгө | 432,9 |
| Чыгашалардын жыйынтыгы | 2 639,8 |
Көк-Бел айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы |
|
А.Жороев |