МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2023-жылдын 23-июнундагы № 3/13
Миӊ-Булак айыл аймагынын ирригацияны ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда 2023-жылга тарифтерин бекитүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагынын 2023-жылга планын угуп, талкуулап, Депутаттардын Мнӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз II сессиясы токтом кылат.
1. 2023-жылга карата жайыт акыны жана чабандардын багып келген бир айлык эмгек акысын төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жайыт акы бир жылдык тарифи:
· Кой,Эчкиге-14сом.
· Ийри мүйүздүү мал-70сом
· Топоз-100сом
· Жылкы-70сом
Сырттан келген малдарга бекитилген баадан эки эселенген акы алынсын.
2. Тазалык жыйым ар бир жанга айына 20 ( жыйырма ) сом.
3. Сугат сууга Мин-Булак айыл аймагынын каналынын суу алгандар 1 га жерге, бир жылга 150(бир жүз элүү) сом.ал эми огородторго бир жылга ар бир түтүнгө 50 (элүү) сом. Таза суу ичүүчүлөр 1 түтүнгө бир жылга үйүнө суу киргизгендер 1800 сом, ал эми сырткы суу түтүгүнөн суу алгандар бир жылга 600 сом.
4. Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, minbulak.naryn.region.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Баяке уулуна тапшырылсын.
Төрага |
| А.Жамангулов |