Редакцияот 23.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2023-жылдын 23-июнундагы № 3/12

 

Нарын райондук суу чарба башкармасына Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Оттук айылындагы «Байдулуу» каналына тиешелүү жер аянтын бекитип берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча, Миң-Булак айыл ɵкмɵтүнүн орун басары А.Бектуровдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Оттук айылындагы «Байдулуу» каналын тазалоо, оӊдоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп туруу максатында узундугу 18,9 км, туурасы 16,5 м жалпы аянты 311850 метр чарчы же 31,1 га өлчөмүндө суу коргоо зонасы, Нарын райондук суу чарба башкармасына мөөнөтсүз пайдаланууга бекитилип берилсин.

 

2. Ушул токтом, каттоодон өткөрүлуп веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүндөгү кеӊештин катчысы А.Айтбаева тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн орун басары А.Бектуровго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

А.Жамангулов