ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын
2025-жылынын 24-январы №2
«Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин Регламентин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесинин 1-пунктун жана 31-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин X чакырылышынын 28.11.2024-жылдагы I уюштуруу сессиясынын №3-токтому жокко чыгарылсын.
- Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин Регламенти №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин депутаттары жана аппарат кызматкерлери бекитилген Регламенттин негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.З.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет..