Редакцияот 23.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2023-жылдын 23-июнундагы № 3/11

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомун Миӊ-Булак айыл аймагында аткарууга алып, Миӊ-Булак айыл аймагынын Эчки-Башы айылынын жашоочусуна турак жай жана жер участокторун жеке менчикке бекитип берүү жөнүндө

 

Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291-токтомунун, Нарын районунун аймагында жер мунапысын жүргүзүү тууралуу түзүлгөн комиссиясынын 2023-жылдын 12-июнь № 22-чечими, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 13-июнь № 193-б буйругун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин нормаларына ылайык Миӊ-Булак айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

1. Миӊ-Булак айыл аймагынын Эчки-Башы айылынын тургуну Эшмамбетов Качкынбек Осмоновичке 1500м2 турак-жай жана жер аянты, жеке менчигине берилсин:

 

2. Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Амантур уулуна тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Жамангулов