Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылынын 24-январы №3
«Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 2025-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө».
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 2025-жылга карата келечектүү иш планы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Бюджеттик Кодекстин», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» жана башка мыйзамдарды негиз кылып түзүлдү. Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысынын, шаардык кеңештин 2025-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз IV cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 2025-жылга карата келечектүү иш планы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин аппаратына 2025-жылга карата кабыл алынган келечектүү иш пландын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gos.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага О.Т.Турдубеков